ЖАСАЛМА ИНТЕЛЛЕКТ ЖАНА БИЛИМ БЕРҮҮНҮ БАШКАРУУ
- 28.08.2025
- 0
Ысык-Көл районундагы Чок-Тал айылындагы «Санат» ден соолукту чыңдоо эс алуу борборунда Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин борбордук аппаратынын кызматкерлери үчүн жасалма интеллектти колдонуу боюнча окуу өткөрүлдү.
Иш-чарага Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева, министрдин орун басарлары Альберт Махметкулов, Надира Джусупбекова, Лира Самыкбаева жана министрликтин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлери катышты.
-Азыркы кезде бардык чөйрөдө жасалма интеллектин колдонулуп келиши күчөп жатат. Ошону менен бирге агартуу министрлиги дагы өзүнүн бөлүмдөрү менен, иштегендери менен атайын тренинг, окуу жыйын өткөрдүк. Бул жасалма интеллекттин билим берүүдө жана билим берүүнү башкарууда колдонулуп жатат. Азыр агартуу министрлиги он сегизге жакын маалымат системасын иштеп чыккан. Учурда ошол системаларда абдан көп маалыматтар чогулуп келе жатат. Ошол маалыматтарды анализдөөгө так ушул жасалма интеллекттин колдонулушу аябай зарыл. Анткени, бул нерсе убакытта аябай талап кылат. Жасалма интеллекттин функциясы ушундай кеңири, чоң маалыматтын базасы менен иштейт. Жаңы окуу жылы башталганы турат, ушуга дагы чоң отчет жана аналитика так маалыматтар ушул убакытта жасалат. Бул окуу жыйында биздин агартуу министрлигинде иштеген жамаат менен кадимки практика түрүндө иштеп, ошолорду үйрөндүк, -деди министрдин орун басары Лира Самыкбаева.
Окуунун башкы максаты билим берүү тармагында жасалма интеллектти колдонуу деңгээлин жогорулатуу, заманбап санарип инструменттерди өздөштүрүү жана билим берүү процесстерин өркүндөтүү мүмкүнчүлүктөрүн изилдөө болуп саналды.
Окуу жыйынында агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева дагы улуттук билим берүүнүн жаңы модели, 12 жылдык билим берүүгө өтүү маселелери боюнча өз пикир, сунуштарын дагы айтты.
Кабыл Макешов, “Кут Билим”
Комментарийлер