ЖАСАЛМА ИНТЕЛЛЕКТ – МУГАЛИМДЕРГЕ  ЖАРДАМЧЫ

  • 07.08.2025
  • 0

Ысык-Көл, 2025-жыл, 7-август — Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги тарабынан уюштурулган «Жаңылыктын жарчысы» педагогикалык форумунун алкагында министрдин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары Лира Самыкбаева мектептерде жасалма интеллектти (ЖИ) колдонуу боюнча маанилүү ой-пикирлери менен бөлүштү.

ЖАСАЛМА ИНТЕЛЛЕКТ – МУГАЛИМДЕРГЕ  ЖАРДАМЧЫ

Анын айтымында, (ЖИ) азыркы жашообуздун ажырагыс бөлүгүнө айланып бара жатат. Убагында кадимки электр энергиясы адамдардын жашоосуна киргендей эле, ЖИ педагогдордун маанилүү куралына айланууда.

— ЖИсиз да жашоого болот, бирок жыл өткөн сайын ансыз жашоо кыйындай берет.  Бүгүн биз мугалимдер менен бирге ЖИнин негизги түшүнүктөрү, анын кайдан келип чыкканы, кантип натыйжалуу колдонсо болору тууралуу сүйлөштүк. Бирок биз үчүн эң башкысы – бул курал мугалимге жардамчы болушу керек деген түшүнүк. ЖИ мугалимдин сабакка тезирээк, жеңилирээк жана натыйжалуураак даярданышына, ошондой эле билим берүү контентин жакшыртууга көмөктөшө алат, — деди Л.Самыкбаева.

Бүгүнкү күндө ЖИ мугалимдин санариптик ассистенти катары бир нече секунддун ичинде сабакка керектүү материалдарды тандап, суроолорду түзүп, тесттерди, сүрөттөрдү, видеолорду жаратып, сабакка ылайыктуу кызыктуу иш-аракеттерди сунуштай алат.

Бирок чоң мүмкүнчүлүктөр менен бирге ири тобокелчиликтер да бар. Андыктан, форумда ЖИ менен байланышкан этикалык жана практикалык маселелер кенен талкууланды:

Жеке маалыматтардын сыртка чыгып кетүү коркунучу (өзгөчө корголбогон санарип платформаларда);

Так эмес маалыматтардын тарашы (ЖИ кээде “галлюцинация” кылып, туура эмес же ойдон чыгарылган маалыматты сунушташы мүмкүн);

Академиялык чынчылдыкты карманбоо (плагиат жана үй тапшырмаларын жасоодо ЖИни колдонуу);

Жеткиликтүүлүк теңсиздиги (ЖИ колдонгондор менен колдонбогондордун ортосунда билим деңгээлинин айырмаланышы. Өзгөчө, бул мектеп окуучулары арасында көп байкалышы мүмкүн).

ЖАСАЛМА ИНТЕЛЛЕКТ – МУГАЛИМДЕРГЕ  ЖАРДАМЧЫ

—  Биздин максат — ЖИни колдонууда бардыгына тең мүмкүнчүлүк түзүп берүү. Ошондой эле ЖИни колдонуунун ачык жана так эрежелерин иштеп чыгуу. Мугалим ЖИ колдонгон учурда, бул тууралуу ачык айтып, окуучуларга үлгү болушу керек. Балдар да үй тапшырмасын аткарууда ЖИ колдонгон болсо, аны ачык билдирип, бул куралды туура пайдаланууга үйрөнүшү керек, — деп белгиледи министрдин орун басары.

Министрлик учурда ЖИни билим берүү тутумунда ири маалыматтарды талдоо максатында колдонуп жатат. Мисалы, балдардын саны, социалдык абалы, мугалимдердин дарамети, мектептердин абалы сыяктуу маалыматтар талданып, көйгөйлөр жана мүмкүн болгон коркунучтар аныкталууда. ЖИ бул маалыматтардын инегизинде кайсы мектепте эмне жетишпейт, кайсы райондо мектеп куруу зарыл экенин алдын ала аныктаганга жардам берет.

Ушул максатта министрлик мугалимдерге жана билим берүү кызматкерлерине арналган онлайн-курс иштеп чыккан. Ал https://ustat.edu.gov.kg/ платформасында жайгаштырылып, анда ЖИ тууралуу негизги түшүнүктөр, колдонуу ыкмалары жана мүмкүнчүлүктөр тууралуу модулдар камтылган. Ошондой эле YouTube платформасында маалыматтык видеороликтер, ар кандай колдонмо материалдар жарыяланып турат.

Форумга катышкан мектеп директорлорунун орун басарларына өз мектептериндеги мугалимдерге ЖИ боюнча чакан тренинг өткөрүү тапшырмасы берилет.

  • Биз балдарга ЖИни жоопкерчилик менен, туура жана пайдалуу колдонууну үйрөтүшүбүз керек. Бул — келечекке жасаган инвестиция, — деп жыйынтыктады Лира Самыкбаева.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер