ОшМПУДА эл аралык илимий конференция башталды

  • 25.10.2024
  • 0

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде Эл аралык Түрк Академиясы менен биргеликте “Жасалма интеллект доорундагы тилдерди окутуу жана изилдөөнүн санариптик трансформациясы: тоскоолдуктар менен мүмкүнчүлүктөр” аталышындагы эл аралык илимий конференция башталды. Ага Казакстан, Түркия жана Өзбекстандан келген коноктор, окуу жайдын профессордук-окутуучулук курамы, мектеп мугалимдери жана студенттер катышууда.

ОшМПУДА эл аралык илимий конференция башталды

Иш-чаранын уюштуруучусу — педагогика илимдеринин доктору, профессор Кыялбек Камутович Акматов. Ал конференциянын расмий ачылышында куттуктоо сөзүн сүйлөп, жасалма интеллект жана санариптик трансформация шартында тил үйрөтүү жана изилдөөнүн жаңы мүмкүнчүлүктөрүнө басым жасап, иш-чаранын илимий жана практикалык маанисин белгилеп өттү.

ОшМПУДА эл аралык илимий конференция башталды

ОшМПУнун ректору Бекмурза Зулуев жана Назарбаев университетинин казак тили жана түрк таануу департаментинин коомдоштурулган профессору Зейнеп Жуматаева да ачылышта чыгып сүйлөшүп, катышуучуларга ийгиликтерди каалашты.

ОшМПУДА эл аралык илимий конференция башталды

Гибриддик форматта өтүп жаткан конференциянын пленардык жыйынында төмөнкү илимпоздор доклад окушту: ф.и.д., профессор Насиба Сабирова, п.и.д., профессор Нурша Орозахунова, Казак улуттук университетинин түрк таануу жана тил теориясы кафедрасынын ага окутуучусу Султанбек Кутлугжон, ОшМПУнун улук окутуучусу Айсырга Ырысбаева жана түрк тилин окутуу методикасы бөлүмүнүн доктору, профессор Невин Аккая.

Конференциянын жүрүшүндө тилди окутуу жана изилдөөдө санариптик технологияларды колдонуу боюнча актуалдуу маселелер талкууланып, ар бир секциялык иштин жыйынтыгы резолюция кабыл алуу менен бекемделет. Конференциянын алкагында атайын мастер-класстар уюштурулуп, окутуучулар жана студенттер заманбап окутуу методдору жана технологиялары менен таанышып, тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Илимий конференциянын алкагында сунушталган макалалар “Таалим” илимий журналынын жаңы санында жарыяланды. Илимий чөйрөдө чоң мааниге ээ болгон бул эмгектер жакынкы санарип трансформация тенденциялары жана тил үйрөтүү жаатында изилдөөчүлөргө пайдалуу болот.

Элнура АЛЕКОВА

Бөлүшүү

Комментарийлер