«Жүрөгүмө жакын”: кайра даярдоодон өткөн жаратман мугалимдер

  • 03.12.2025
  • 0

 

Акыркы күндөрү Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун «Көчөдөн журналисттерди алып келип, мугалимдердин ордун толуктайбыз…» деген сөзү коомчулукта кызуу талкуу жаратты. Башка кесип ээлеринен кантип мугалим даярдоого болот деген суроолор да пайда болду. Чынында, анын айткысы келген нерсеси — Кыргызстанда эки жылдан бери ийгиликтүү иштеп жаткан “Жаратман мугалим” долбоорунун маңызы эле.

 «Жүрөгүмө жакын”: кайра даярдоодон өткөн жаратман мугалимдер

Бул долбоор аркылуу ар кандай тармакта иштеген, бирок мугалим болууну кыялданган адамдар өз мүмкүнчүлүгүн сынап, билим берүү системасына кошула алышат.  Быйылкы жылдын өзүндө эле долбоордун алкагында даярдалган 23 жаңы мугалим Чүй облусундагы мектептерде ишин баштады. Аларды  кылдат жана көп баскычтуу тандоодон өткөрдү. Башында миңден ашуун талапкер арыз берсе, акырында мыктылары финалга өттү.

Негизги шарттарынын бири бул – бакалавр даражасындагы дипломго ээ болуу. Мектепке кирерден мурда жаратмандар Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунун бир айлык интенсивдүү окуудан өтүп, атайын сертификатка ээ болушат. Ошонун негизинде мектепке кабыл алынат. Сентябрдан баштап магистратурада билим алууну улантышат.

 2009-жылы И.Арабаев атындагы КМУнун филология факультетин аяктаган Талант Баяманов жаратман мугалимдердин бири. Ал жогорку окуу жайын аяктагандан кийин турмуш шартка байланыштуу чет жерге кетүүгө аргасыз болгон.  Андан кийин да башка кесиптерден өзүн издеп жүргөн.  “Заманбап мугалим” долбоору тууралуу угуп, ойлонбостон катышууга бел байлаган. Анткени мугалимдик анын кыялы эле.

  • Апам да билим берүү тармагында үзүрлүү эмгектенип келе жаткан кызматкер. Андыктан мугалимдик менин жүрөгүмө жакын болчу. Долбоордун баалуулуктарын жактырып, тапшырып койсом, өтүп кетиптирмин. Учурда информатикадан сабак берип жатам. Балдар менен иштешүү мага ырахат тартуулайт, мынчалык жакшы болорун элестете алган эмесмин. Балдардын сага кайтарым байланышы, сабактарыңды кунт коюп укканы мотивация берет. Албетте, жаңы жумушта кыйынчылыктар болбой койбойт, бирок анын баарын жеңебиз, — дейт ал.

Жаратман мугалимдер бир гана окуу менен чектелип калбайт,  аптасына бир ирет онлайн/офлайн сабактар,  жолугушуулар өткөрүлүп, тажрыйбалуу методисттер менен бирге балдарга таасирдүү сабак өтүүнүн жаңы методикаларын даярдайт.

Талант Баяманов ар бир сабагын кызыктуу өткөнгө аракеттенет. Информатика сабагы жумасына 24саат болгону башында көп сезилип, кыйналганын жашырбайт. Бирок азыр баарына көнүп, 5-9-класстарга сабак өтүүдө. Коопсуз чөйрө аркылуу окуучулардын критикалык ой жүгүртүүсүн өрчүтүү менен кошо информатика сабагын үйрөтүүнү көздөйт.  Ар бир сабагы таасирдүү болушу үчүн күнүгө изденет.

  • Новопокровка мектебинде беш жаратман мугалим иштейбиз. Бири-бирибизди колдоп, “мындай кылалы” деп башка долбоорлорду, демилгелерди ишке ашырууда чогула калабыз, жардамыбызды аябайбыз. Биздин сабак берүү ыкмабыз айырмаланарын окуучуларыбыз байкашты. Кесиптештерибизден үйрөнө турган нерселер да көп экен. Эжей-агайларга  заманбап технологиянын жардамында сабак өтүү жолдору менен бөлүшүп, чоң команда болуп иштеп жатабыз, — дейт жаратман мугалим.

 

«Жүрөгүмө жакын”: кайра даярдоодон өткөн жаратман мугалимдер

Дизайнерден мугалимге

Долбоорго катышкан дагы бир жаратман мугалим — Айгерим Бактыярова. Ал КМТУнун технологиялык факультетинде жеңил өнөр жай боюнча билим алып, жеке компанияларда иштеп, Казакстан жана Москвадагы көргөзмөлөрдө байгелүү орундарды алган. Бирок алты жыл иштегенден кийин жаңы багыт издеп, билим берүү тармагына кызыгуусу күчөгөн. Түрдүү долбоорлорго катышып, “Билим Кербени” профориентациялык программасын түзүп, “Сынак” окутуу борборун негиздеген.

 

  • Бул тажрыйбалар мага билим берүү жаатынын өзгөчө маанилүү экенин терең сезүүгө шарт түзүп, балдар менен иштөөгө кызыгуумду арттырды. Ошол учурда социалдык тармактан “Заманбап мугалим” программасын көрүп, анын философиясы жана баалуулуктары мени өзүнө тартты. Программа ар бир окуучунун потенциалын ачууну колдоо жана жаңы көндүмдөргө үйрөттүү идеялары мени шыктандырып, конкурска катышууга чечим кабыл алдым. Мугалимдик кесипке кызыгуум бар экенин ушул тармакка аралашып көргөндөн кийин гана билип, мугалим болууну кыялдана баштадым, — дейт Айгерим эжей.

Ал азыркы тапта Чүй облусунун Октябрь айылындагы “Аманат” орто мектебинде математика мугалими. Айтымында, балдардын  ар кандай суроолору берүүсү, өздөрүнүн таза кыялдары менен бөлүшүп, ага умтулуусуна аракеттерин көрүү өзгөчө сезим тартуулоодо. Биринчи кезекте ар бир баланын потенциалын көрүү жана аны ача билүү маанилүү.

Жаратман мугалим мектепке билим берүү процессин жандандыра турган ар түрдүү инициативаларды киргизүүдөн чарчабайт. Себеби бүгүнкү күндө балдарга жөн гана маалымат берүү жетишсиз.  Ошондуктан медиа сабактарды, медиа-кружокторду, фэшн модель жасоо жана конструктордук ишмердүүлүктү, анимация же STEM багытындагы жөнөкөй долбоорлорду билим берүү процессине активдүү киргизип жатканын айтат. Алардын бири —  “Фэшн иллюстрация” ийрими.  Андан балдар  креативдүү ойлонуп, реалдуу жашоодо колдонулуучу көндүмдөрдү өнүктүрөт жана аны чыныгы жашоого даярдайт.

Айгерим Бактыярова мугалимдик кесип жеңил эместигин айтат. Бирок «бул кесипти тандабай эле койсом болмок» деген ойлор ага эч качан келген эмес. Анткени “Заманбап мугалим” программасы керектүү шарттар, ресурстар жана моралдык колдоо менен толук камсыздайт. Долбоордо сабак өткөрүү боюнча атайын методисттер жана педагогикалык команда бар. Алар дайыма кеңеш берип, сабактарды туура пландаштыруу, класстын динамикасы менен иштөө жана окутуунун эффективдүү ыкмаларын колдонуу боюнча үзгүлтүксүз окутуп турушат. Мындан тышкары, программада жаратман, идеялуу, бир максаттагы мугалимдердин чоң коому түзүлгөн. Алар бири-бирине жардам берип, тажрыйба алмашып, ресурстар менен бөлүшүп, чыныгы командалык атмосфера түзүшөт.

Айгерим өзүнүн баштапкы кесибин да учурдагы окутуу практикасына ийрим аркылуу интеграциялап, окуучуларга жаңы тажрыйба сунуштоодо. Бул ага кошумча энергия, чыгармачылык жана толукталуу сезимин берет.

«Жүрөгүмө жакын”: кайра даярдоодон өткөн жаратман мугалимдер

Өз жолун тапкан мугалим

Орозкожо кызы Дилбара да билим беръъг= салымын кошуп жаткан  жаратмандардын бири. Ал Бишкек мамлекеттик университетинин кыргыз филология бөлүмүн аяктаган соң Бишкек шаарындагы №74 мектепте эмгек жолун баштаган. Бирок, жаш адистин иш сапары жеңил башталган эмес. Дайыма өтүп жаткан сабагынын, балдарга жасаган мамилесинен күмөн санап, “Туура эле мугалим болуп жатамбы” деген суроого өзү жооп издеп келген.  Ошондой күндөрдүн биринде белгилүү бир бренддин негиздөөчүсү “Заманбап мугалим” долбоорун сунуштаган.

  • Мугалим болуу кыялым 5-класстан бери көкүрөгүмдө. Бирок университеттен практикага чыккандан кийин “мектепте иштебейм” дегем. Канчалык окуучулар менен иштешүү жагып, ал иштен ырахат алганым менен кагаз иштери эле өмүрүңдү алып койчудай сезилген. Бирок бюджеттик негизде окугандыктан диплом алуу үчүн мамлекетке иштеп берүү керек болду. Азыр ушул багытты ырас эле тандаптырмын дейм. Себеби өзүм каалаган бактылуу, тынч карылыкты кийинки муунду тарбиялоо менен гана түзө алам деп күлүп калам.

Бул долбоордун презентациясына катышып, маалымат алган соң ичимден “мен сөзсүз тапшырам” дедим. Себеби бул жерде сени дайыма колдогон куратор, методисттин жана сени менен бир багыттагы чөйрөнүн болушу мени аябай шыктандырды, — дейт мугалим.

Дилбара Орозкожо кызы учурда Панфилов районунун Кум-Арык айылындагы Е.Кожомкулов атындагы орто мектепте иштейт.  Бул долбоорго кирген мектептердин эң алыскысы. Жаратман мугалимдин пикиринде, айылдын табияты, окуучулардын билимге ачыктыгы, кесиптештердин сыйчыл мамилеси тааныбаган жерде экениңди унуттурат.

Айгерим Токтобаева, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер