Жакында өлкө боюнча 70 бала бакча жана 300 борбор ачылат
- 20.11.2024
- 0
Кыргызстанда жакынкы мезгилдери 70 бала бакча жана балдардын 300 борбору ачыларын билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Бишкекте өтүп жаткан Борбор Азиянын ЖОЖдорунун ректорлорунун жыйынында билдирди.
Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына арналган бул иш-чара «Глобалдуу маселелер маалында Борбор Азия университеттеринин өзгөрүшү» деп аталды.
Министр президенттин колдоосу менен билим берүү жана илим тармагына салынган инвестиция арбып жатканын белгиледи.
«Жакында биздин өкмөт балдардын кыска мөөнөттүү 300 борборун жана мектепке чейинки билим берүүчү 70 жайды ачат», — деди Кендирбаева.
Бөлүшүү
Комментарийлер