ЖАҢЫЛАНГАН “БАЛАЛЫК” СИСТЕМАСЫ БОЮНЧА ОКУТУУЛАР БАШТАЛДЫ
- 22.05.2026
- 0
Кыргызстандын аймактарында мамлекеттик бала бакчаларга балдарды электрондук кезекке каттоонун жаңыланган “Балалык” системасы боюнча райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн кызматкерлери үчүн онлайн жана оффлайн форматтагы окутуулар өткөрүлүүдө.
Министрликтин мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын адистеринин айтымында, окутуулар “Түндүк” ачык акционердик коомунун “Санариптик билим берүү” департаментинин жана Бишкек шаардык билим берүү башкармалыктарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда өтүп жатат.
Семинардын жүрүшүндө катышуучуларга “Балалык” системасынын жаңыланган мүмкүнчүлүктөрү тааныштырылып, электрондук арыздарды кабыл алуу жана иштеп чыгуу тартиби боюнча кеңири түшүндүрмөлөр берилип жатат.
Жаңыланган “Балалык” платформасы балдарды бала бакчага каттоо процессинин ачыктыгын камсыздоого, ошондой эле ата-энелер үчүн кызматтарды жеткиликтүү жана ыңгайлуу кылууга багытталган.
Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”



Комментарийлер