МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТКЕРЛЕРГЕ ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК КОРПОРАТИВ ӨТКӨРҮҮГӨ ТЫЮУ САЛЫНДЫ

  • 16.12.2025
  • 0

Кыргыз өкмөтү мамлекеттик кызматкерлерге жаңы жылда майрамдык иш-чараларды өткөрүүгө жана жетекчилердин катардагы кызматкерлерден белек алуусуна тыюу салды. Мындай чечим туурасында Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бүгүн, 16-декабрда “Ынтымак ордодогу”  жыйында айтып өттү.

МинКаб  төагасы бул тыюуну жер-жерлердеги айрым жетекчилер башкача түшүнүп, балдарга арналган иш-чаралардын уюштурулушуна да каршы чыгып жатканына токтолду.

 -Бирок айрым жетекчилер бул чектөөнү туура эмес түшүнүп, балдарга арналган жаңы жылдык иш-чараларды да өткөрбөгүлө деп жатышыптыр. Белгилей кетейин, жаңы жылдык корпоративдерге коюлган чектөө мамлекеттик органдарга гана тиешелүү. Ал эми балдардын жаңы жылдык майрамдарын чектөөгө болбойт. Жаңы жыл — балдар жылдап күтүп келген өзгөчө майрам. Аларды бул кубанычтан ажыратпагыла”, — деди Касымалиев. Кошумчалай кетсек, Бишкек шаарынын мэриясынын кызматкерлери  да быйыл жаңы жылдык иш-чарага тыюу салынгандыгына байланыштуу корпоратив уюштура алышпай турган болушту.

(МК)

Бөлүшүү

Комментарийлер