ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫНДА ЖАҢЫ МЕКТЕП
- 20.09.2021
- 0
Сузак районундагы N13 Акматалы Базаров атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде башталгыч класстары үчүн 150 орундуу мектептин ачылуу аземи болду.
Иш-чарага Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Б. Сыдыкназаров, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, айыл өкмөт башчысы, курулушту каржылаган жеке демөөрчү Жакыпов Чубактын туугандары катышты.
Райондун акими мектептин жамаатын жана окуучуларды 15-сентябрь Билим күнү жана жаңы мектептин ачылышы менен куттуктады.
— Билимдин башаты балдар бакчасынан башталып, пайдубалы мектепте курулат. Ар бир жаңы мектеп — бул илимге-билимге, келечекке жана өлкөбүздүн өнүгүүсүнө карай салынган даңгыр жол, — деди аким Баратбек Сыдыкназаров .
Бул имаратты Орто-Азия айылынын тургуну, ички демөөрчү Жакыпов Чубак өз капчыгынан 4 млн. сом өлчөмүндө акча каражатын жумшап, куруп берди.
Жыйын учурунда райондук мамлекеттик администрация жана Кызыл-Туу айыл өкмөтү тарабынан мектептин курулушуна тикелей колдоо көрсөткөн инсандарга Ардак грамоталар тапшырылды.
Г.А., “КБ”
Комментарийлер