ӨЗГӨЧӨ БАЛДАРГА МЕДИЦИНАЛЫК ЖАРДАМ КӨРСӨТҮҮ ТУТУМУ ТАЛКУУЛАНДЫ

  • 03.08.2026
  • 0

Жогорку Кеңештин депутаты Гүлжан Сатиева Жапониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) өкүлү Морооко Такааки менен жолугушуп, өзгөчө муктаждыктары бар балдарга медициналык жардам көрсөтүү тутумун жакшыртуу маселелерин талкуулады. ӨЗГӨЧӨ БАЛДАРГА МЕДИЦИНАЛЫК ЖАРДАМ КӨРСӨТҮҮ ТУТУМУ ТАЛКУУЛАНДЫЖолугушуунун жүрүшүндө аутизм, Даун синдрому жана мээ шалы (ДЦП) бар балдарга медициналык-социалдык көмөк көрсөтүү шарттарын жогорулатуу, ошондой эле өлкөдөгү реабилитациялык борборлордун ишин өнүктүрүүгө басым жасалды. тараптар JICA уюмунун колдоосу менен бул тармакка кесипкөй адистерди тартуу жана алардын эл аралык тажрыйбасын натыйжалуу колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгышты. Талкууга Чүй облусунун Москва районундагы балдар реабилитациялык борборунун өкүлдөрү да катышып, жериндеги көйгөйлөр менен бирге реабилитациялык кызматтардын сапатын жогорулатуу боюнча өз сунуш-пикирлерин билдиришти.

Жолугушуунун жыйынтыгында өзгөчө балдардын саламаттыгын чыңдоо жана аларды коомго интеграциялоо багытында биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу макулдашылды.

А.К., «КБ»

 

Бөлүшүү

Комментарийлер