ЗАМАНБАП ЖАНА КАЛЫС ЖЕТЕКЧИ, НАРКТУУ АЯЛЗАТЫ

  • 25.07.2025
  • 0

Бүгүн 60 жаш кутман курагы белгиленип жаткан   КР Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева жөнүндө алты ооз сөз айткым да, жазгым да келди.  Биз экөөбүз мындан жыйырма жыл илгери таанышкан элек. Болгондо да жакшы, позитивдүү маанайдагы  эл аралык чоң иш-чарада. БУУнун аялдар  түзүмү  КР Президентине караштуу Аялдар жана гендердик өнүктүрүү комиссиясы  менен биргеликте  эгемен Кыргызстанда элетти өнүктүрүүгө салым кошкон кырк  аялды  сынак жолу менен тандап алып, дипломдор менен сыйлап, сый көрсөткөн. Догдуркүл Кендирбаева жана мен ушул  сынактан жеңип өткөн кырк аялдын арасында элек.  Мен ошондо   Ысык-Көлдөн келген, агартуу жаатында жигердүү  эмгектенип жүргөн,  жаш, бирок эрудициясы бийик   Догдуркүл айымды биринчи жолу көргөм.   Элетти өнүктүрүүгө ким кантип салым кошкону тууралуу, ар бир айымдын  эмгек жолун  даңазалап көрсөткөн атайын китеп да чыгарылган. Ошол китепте жазылгандай,  Д.Кендирбаева элет жериндеги агартуу майданында талыкпаган эмгеги менен тандалып алынган экен.   Андан кийин да экөөбүз аялдарды өнүктүрүү, билим берүү жаатындагы көптөгөн конференцияларда, тегерек үстөлдөрдө, семинарларда кездешип жүрдүк.  Кайсы иш-чара болбосун бул айым өзүнүн мыкты билимин, кызыктуу тажрыйбасын даңазалап, дайым жигердүүлүгүн көрсөтө алат эле. Догдуркүл агартуу майданынын жоокери болуу менен  бирге жарандык коомдун өнүгүүсүнө  да  адис катары, мекенин сүйгөн атуул катары тынбай  катышып жүрдү.

ЗАМАНБАП ЖАНА КАЛЫС ЖЕТЕКЧИ, НАРКТУУ АЯЛЗАТЫ

 

Тагдыр буюруп, 2015-жылдан тарта экөөбүз “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунда чогуу иштеп калдык. Догдургүл Кендирбаева аталган фонддун аткаруучу директору, мен катардагы эксперт кызматында элем.

Ушул аралыкта  бул инсандын мыкты жетекчи экенин да  өз көзүм менен көрдүм. Фонддун негиздөөчүсү,  КР экс-президенти Роза Отунбаеванын  билим берүү, агартуу жана маданий  багыттагы демилгелерин   зор чыгармачылык жана креативдүүлүк менен жүзөгө ашырган фонддун чоң жамаатын  аткаруучу директор катары  татыктуу башкара алды.

Ал биринчи кезекте абдан заманбап  жана калыс жетекчи: Кол алдындагыларды эмоцияга алдырып, кыйкырып, урушуп, коркутуп башкаруу деген  Д.Кендирбаевага жат нерсе.  Бир нерсеге нааразы болсо да акырын, ынандырып кемчилигин  мойнуна коё алат.  Азыркы заманбап технологияларды мыкты өздөштүргөн, көптөгөн программаларда иштей алат. Маалыматка бай, билимдүү, маанайын дайыма позитивде кармай алган эрки бекем, өнүгүүгө умтулган инсан. Бүгүнкү күндө  “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун эмгек жамааты  ынтымак, биримдиктүү жана дайыма өнүгүүгө умтулган кызматкерлерден турат.

Белгилей кетсем, фонд жогоруда аталган багыттарда көптөгөн  долбоорлорду жүзөгө ашырган жана бүгүн да үзүрлүү иштеп келе жатат.

Улуттук аялдар форумун,  бир канча ирет Мекендештер форумун өткөрдүк.  Балдарды эрте өнүктүрүү, жайлоо бала бакчалары,  чек арага жакын жайгашкан аймактардагы аялдардын социалдык жигердүүлүгүн арттыруу,  миграциядагы аялдар, бешик ыры, поэзия кечелери, кыздарды техникалык адистиктерге тартуу (СТЭМ)  жана башка бир топ долбоорлордо  Догдуркүл Шаршеевна менен чогуу иштедим.

Дагы бир айта кетчү жагдай фонд ишке ашырган долбоорлордун дээрлик баарысы айыл жерин өнүктүрүүгө арналгандыктан, Д. Кендирбаева баш болгон кызматкерлер  өлкөбүздүн бардык аймактарында, анын ичинде тоолуу жерлеринде, жайлоолорунда болуп,  эл менен бирге чогуу иштеп жүрүштү.

ЗАМАНБАП ЖАНА КАЛЫС ЖЕТЕКЧИ, НАРКТУУ АЯЛЗАТЫ

Бүгүнкү маараке ээси жөнөкөй мектеп мугалиминен тартып, министрге чейинки  түйшүктүү жана жемиштүү жолду басып өткөн инсан.

Союз гүлдөп турган учурда  университеттин  ошол маалда өтө престиждүү аталган   тарых факультетине кирип окуп, ийгилик менен аяктаган.

Үй-бүлөсүндө мыкты жубай, камкор келин, мээримдүү эне, тайене, кайнене.

Айылдагы короо-жайын, үйүн  гүлдөтүп караган чарбачыл кожойке.

Өз элинин маданиятын, салт-санаасын сыйлаган нарктуу аялзаты.

Сиз менен замандаш, кесиптеш, санаалаш болгонум үчүн сыймыктанам!

Туулган күнүңүз жана мааракелүү курагыңыз куттуу болсун! Көп жашаңыз, Догдуркүл айым!

 

Топчугул Шайдуллаева

Кыргыз Эл жазуучусу

Бөлүшүү

Комментарийлер