ЗАЛКАР ЖАЗУУЧУГА АРНАЛДЫ
- 09.12.2022
- 0
Заманыбыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө жана 12-декабрь — Улуттук адабият күнүнө карата Аксы районундагы Үмөталиев атындагы орто мектепте иш-чаралар өтүлө баштады.
Бул багытта бүгүн 11-класстардын кыздардын «Жалжалым» жана жигиттердин «Жаабарс» командаларынын ортосунда кызуу таймаш жүрүп, ал кызыктуу суроолор, ыр-бийлер, табышмактуу сүрөттөр, сахналык көрүнүштөр менен коштолду.
Жыйынтыгында, 126 упай менен жигиттердин «Жаабарс» командасы жеңишке жетти. Залкар жазуучуга жана Улуттук адабият күнүнө арналган бул иш-чара кыргыз тили жана адабияты мугалимдери тарабынан даярдалып, жогорку деңгээлде өттү.
Узен АТАКАНОВ, Аксы району
Бөлүшүү
Комментарийлер