Ысык-Көл мамлекеттик университети 2024-2025-окуу жылына абитуриенттерди чакырат

  • 23.05.2024
  • 0

                                                                           Урматтуу бүтүрүүчүлөр жана абитуриенттер!

Ысык-Көл мамлекеттик университети 2024-2025-окуу жылына абитуриенттерди чакырат

Сиздерди К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин профессордук-окутуучулар курамынын жана  жалпы жамаатынын  атынан  мектепти  ийгиликтүү аяктап ары жоопкерчиликтүү, ары кызыктуу турмуш  жолуна  аттанышыңыздар менен чын  дилимден куттуктайм!

Жаркын келечек куруу жолунда адистикти туура тандоо эң маанилүү ролду ойнойт. Заман  талабына  ылайык кесипти тандап,  коомдун  шартына туура келген, суроо-талабы жогору болгон, эң башкысы өзүң сүйүп эмгектене турган адистикке ээ болуу аң-сезимдүүлүктү жана туура ой жүгүртүүнү талап  кылат.

Ысык-Көл мамлекеттик университети 2024-2025-окуу жылына абитуриенттерди чакырат

Биздин университеттин жогорку  квалификациялуу профессордук-окутуучулар курамы сиздердин  мыкты адис болушуңуздарга көмөктөшүп, алдыга койгон аруу максаттарыңарды ишке ашыруу үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү түзүшөт.

Бүгүнкү күндө ЫМУ учурдун чакырык, талаптарын эске алуу менен өнүгүп жаткан кези. Эң маанилүү милдеттерибиздин бири болуп, учурда жана жакынкы келечекте билим берүү тармагында, экономикада, бизнесте, социалдык чөйрөдө талап кылынуучу адистерди даярдоо саналат.

Урматтуу абитуриенттер! Сиздерди биздин университеттин студенттеринин катарынан көрөбүз деген ишеничтебиз. Келгиле, бирге ийгиликтерди багынталы!

                                                                  К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин ректору, профессор А.Иманбаев

 

                                                                             Окуу жайдын ишмердүүлүгү

 

К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети өткөн кылымдын орто ченинде түптөлгөн, 84 жылдык тарыхы бар алдыңкы окуу жайлардын бири. Ала-Тоонун бермети болгон Ысык-Көлдө жайгашкан университеттин учур талабына жооп берген беш окуу имараты бар.

Ысык-Көл мамлекеттик университети 2024-2025-окуу жылына абитуриенттерди чакырат

Университеттин сыймыгы — жогорку квалификациялуу профессордук-окутуучулар жамааты. алардын ичинен 11 илимдин доктору жана профессорлор, 72 илимдин кандидаты жана доценттер үзүрлүү эмгектенип, жаштарды тарбиялоого өз салымдарын кошуп жатышат. Университеттин кызматкерлеринин, докторанттарынын жана аспиранттарынын илимий жана инновациялык ишмердүүлүгү республикабыздын, жакынкы жана алыскы чет мамлекеттердин жогорку окуу жайлары, академиялык институттары жана башка илимий мекемелери менен тыгыз байланышта жүзөгө ашырылат. Жетишкендиктердин бири мугалимдердин билимин жогорулатуу боюнча Эл аралык илимдер академиясына бир академик жана беш мүчө-корреспонденттин шайланышы болуп эсептелинет.  Ошондой эле инженердик-техникалык илимдерге кошкон салымы үчүн Эл аралык инженердик академияга бир мүчө-корреспондент, Кыргыз Республикасынын Инженердик академиясына эки академик, бир мүчө-корреспондент жана 2 академиялык кеңешчи шайланды. Биздин окумуштуулар А.Э.Абдыкеримова, биология илимдеринин доктору Б.К.Калдыбаев, ф.и.к. К.Ж. Зиялиев Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын эксперттик кеңешинин мүчөсү.

Ысык-Көл мамлекеттик университети 2024-2025-окуу жылына абитуриенттерди чакырат

Биздин университеттин бүтүрүүчүлөрү билим берүү окуу жайларынын, мамлекеттик мекемелердин, илимий-өндүрүштүк бирикмелердин, жеке менчик ишканалардын жана  башка   тармактардын алдыңкы кызматкерлери катары өз билимдерин практикада үзүрлүү пайдаланып келишүүдө.

 

                                                                               Академиялык турмуш

Окуу жай жогорку квалификациялуу адистер: бакалавр, магистр, аспиранттарды  даярдайт. Университет 23 багыттын 40 профили боюнча бакалаврларды жана ошондой эле беш багыттын жети профили боюнча магистрлерди даярдайт.

Ысык-Көл мамлекеттик университети 2024-2025-окуу жылына абитуриенттерди чакырат

2024-2025-окуу жылынан тартып, К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети менен И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын ортосунда  медициналык билим берүү, илим жаатында медициналык кадрларды даярдоо жана эки окуу жайдын ортосундагы багыттуу байланышты күчөтүү максатында келишим түздү. Келишимдин негизинде эки окуу жай 2+4 ( Кыргызстандын жарандары үчүн) жана 2+3 (чет өлкөлүк жарандар үчүн) программасы боюнча “Дарылоо иши” адистигине эки тараптын күчү менен кадрларды даярдай баштайт.

Ысык-Көл мамлекеттик университети 2024-2025-окуу жылына абитуриенттерди чакырат

Ошентип, азыркы учурда университеттин курамына беш факультет, бир дистанттык билим берүү жана квалификацияны жогорулатуу борбору, бир колледж кирет.

Алар:

  • Экономика, туризм, тарых факультети;
  • Филология факультети;
  • Физика-математикалык жана табигый-техникалык факультет;
  • Педагогика факультети;
  • Медициналык факультет;
  • Үзгүлтүксүз билим берүү жана квалификацияны жогорулатуу борбору;
  • К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун колледжи.

 

Окутуу бюджеттик жана контракттык негизде жүргүзүлөт.

  • Күндүзгү окутуу — окуу мөөнөтү: бакалавр — 4 жыл, магистр – күндүзгү — 2 жыл, сырттан — 2,5 жыл;
  • Сырттан — дистанттык — окуу мөөнөтү 5 жыл;
  • Колледж — окуу мөөнөтү 9-класстын базасында 2 жыл 10 ай, 11-класстын базасында 1 жыл 10 ай

 

                                             Эл аралык кызматташтык жана стратегиялык өнөктөштүк

Ысык-Көл мамлекеттик университети 2024-2025-окуу жылына абитуриенттерди чакырат

ЫМУнун эл аралык байланыштар жаатында жүргүзүп жаткан иштери университеттин артыкчылыктуу багыттарын тандоодогу маанилүү көрсөткүчү болуп эсептелет. Жакынкы жана алыскы чет мамлекеттердин жогорку окуу жайлары, илимий изилдөө институттары менен 60тан ашуун келишим түзүлгөн. Алар: Алматы технологиялык университети (Казахстан); Ташкент мамлекеттик экономикалык университети (Өзбекстан); Синьцзянь педагогикалык университети (Кытай); Салоникидеги Аристотель Университети  (Греция); Норвегиянын Түштүк-Батыш университети (Норвегия); «Военмех» Балтика техникалык университети (Санкт-Петербург, Россия); А.Кынчев атындагы Русе университети (Болгария); В.Городовиков атындагы Калмык мамлекеттик университети (Россия); Мендель Университети (Борно, Чехия), Мугла Сыткы Кочман Университет (Түркия) ж.б.

Ысык-Көл мамлекеттик университети 2024-2025-окуу жылына абитуриенттерди чакырат

Ошондой эле университет DAAD Немец академиялык алмашуу кызматы, Гёте немец маданий борбору, Америка Кошмо Штаттарынын Тынчтык корпусу, Кыргызстандагы Сорос фонду, KOICA Эл аралык корей кызматташтык агенттиги, TIKA түрк кызматташтык агенттиги, GIZ Германиянын эл аралык кызматташтык коому, Кыргызстанда ERASMUS+ офиси ж.б. эл аралык уюмдар менен тыгыз кызматташып келет.

MEVLANA, ERASMUS+ кредиттик мобилдүүлүк, DAAD академиялык мобилдүүлүк программаларынын негизинде окутуучулар жана студенттер өнөктөш жогорку окуу жайларга баруу мүмкүнчүлүктөрүнө ээ.

ЫМУнун окутуучулары эл аралык конференцияларга, билим берүү көргөзмөлөрүнө да катышууда. Жыл сайын университеттин базасында эл аралык илимий-практикалык конференциялар, симпозиумдар, семинарлар, тренингдер, жайкы мектептер уюштурулуп турат. Улуу Британия, Германия, Франция, Швеция, Португалия, Австрия, Норвегия, Түркия, Кытай, Польша — бул ЫМУ кызматташкан чет мамлекеттердин толук эмес тизмеси.

Бүгүнкү күндө 184 чет элдик студент ЫМУдан билим алууда, алар Казахстан, Россия, Пакистан, Өзбекстан, Туркменистан өлкөлөрүнүн өкүлдөрү.

 

                            Инфраструктуранын жана материалдык-техникалык базанын өнүгүшү

Ысык-Көл мамлекеттик университети 2024-2025-окуу жылына абитуриенттерди чакырат

Университеттеги окуу процессин ишке ашырууда беш билим берүү имараты пайдаланылат. Окуу процессинде колдонулган аудиториялардын жалпы саны 182ни түзүп, анын ичинде окуу-методикалык, лабораториялык кабинеттер, лекциялык залдар, заманбап стилде жабдылган жана жасалгаланган глобалдык интернетке туташтырылган компьютердик класстар, лингафондук кабинет, атайын адистештирилген кабинеттер, мультимедиялык кабинеттер, өнөрканалар, конференциялык жана спорттук залдар бар. Университеттин окуудан тышкаркы иштери, маданий-массалык, спорттук иш-чаралары үчүн «Толкун» маданий-эстетикалык борбору, спорттук ден соолукту чыңдоо комплекси иш алып барат.  Ошондой эле 400 орундук жатаканада студенттер үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлгөн.

Ысык-Көл мамлекеттик университети 2024-2025-окуу жылына абитуриенттерди чакырат

Университеттин илимий китепканасы биздин чоң сыймыгыбыз. Анда маалыматтык борбор, миллиондон ашуун китеп фонду, автоматташтырылган библиотекалык комплекс менен коштолгон интернет зал, электрондук каталогдо эркин чыгуучу интернет база жайгашкан.

Ысык-Көл мамлекеттик университети 2024-2025-окуу жылына абитуриенттерди чакырат          

                                                                         Жаштар саясаты жана спорт

Университеттин жогорку деңгээлдеги спорттук базасы: 2 спорт залы, күрөш, бокс, шейпинг, тренажёр залдары, футбол ж.б спорттук аянттары бар.

Университеттин тандалма командалары ЖОЖдор аралык мелдештерге активдүү катышып, эң мыкты командалардын катарында жүрөт. Биздин студенттер Кыргызстандын тандалма командасынын мүчөлөрү катары эл аралык мелдештерде республикабыздын намысын коргоп, даңкын чыгарып келе жатышат.  Ошондой эле КМУнун базасында профессионалдык волейбол клубу негизделген.

          Ысык-Көл мамлекеттик университети 2024-2025-окуу жылына абитуриенттерди чакырат                                             

Жаштар саясаты жана маданий массалык иштер

Студенттер университеттеги уюштурулган ар кыл багыттагы ийрим, студияларга активдүү катышып, өздөрүнүн билимин, дүйнө таанымдарын жогорулатуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.  Окуу жайда конкурстар, фестивалдар жана студенттик уюмдардын өздүк көркөм кароо сынактары байма-бай өткөрүлүп турат.

Университеттин жетекчилиги жана профессор-окумуштуулар курамы студенттердин арасында лидерликти, командалык духту, креативдүүлүктү, демилгелүүлүктү өнүктүрүүдөгү кызыгууларын колдойт.  Мында студенттик өзүн-өзү башкаруунун өнүгүүсү маанилүү орунда турат. Ошондуктан бул багыт студенттерди академиялык жана социалдык колдоонун бир механизми катары университеттин өнүгүү стратегиясына киргизилген.

Бүгүн Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети аймактагы ири жогорку окуу жайлардын алдыңкы катарында. Биздин университет аймактын өнүгүшүнө жана гүлдөшүнө илимий борбор катары чоң салым кошуудабыз.

 

Кабыл алуу комиссиясынын дареги:

                                                                                                                                                               722360, Каракол ш., Тыныстанов көчөсү, 32

                                                                                                                                                               Тел.: (3922) 52599, 51612, 50123.

                                                                                                                                                                                               Факс: (3922) 50498  моб. 0701530309

                                                                                                                                                              E-mail: [email protected]

                                                                                                                                                             www.iksu.kg, facebook: ИГУ им. К.Тыныстанова

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер