ЫСЫК-АТАНЫН СОЦПЕДАГОГДОРУ ОКУУЧУЛАРДЫ РЕАБИЛИТАЦИЯЛЫК КОЛДОО БОЮНЧА СЕМИНАР-ПРАКТИКУМДАН ӨТҮШТҮ

  • 04.03.2020
  • 0

Кант шаарындагы №5 мектепте Ысык-Ата районундагы мектептердин соцпедагогдоруна “Окуучуларды социалдык-реабилитациялык колдоо” аталышындагы семинар-практикум өткөрүлдү. Иш чарага райондогу мектептердин 42 социалдык педагогу катышты.

Семинардын башкы максаты – Канттагы №5 мектептин мисалында окуучуларды социалдык-реабилитациялык коштоо жөнүндө жалпы түшүнүктү калыптандыруу.

Лекторлор №5 мектептин мисалында окуучулар менен иштөөнүн негизги ыкма жана формалары тууралуу айтып беришти. Мектептин социалдык паспорту жана билим алуучулардын мектептеги социалдык картасына өзгөчө көңүл бурулду.

Презентация учурунда мектеп директорунун тарбия иштери боюнча орун басары Е. Ганина ата-энелердин тарбия берүү милдеттерин аткарылуусун, үй-бүлөдө чырлардын чыгышынын себебин, анын чечүү жолдорун жана балага тарбия берүүдөгү мектептин ролун аныктоо максатында ата-энелер арасында өткөрүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгы тууралуу айтып берди.

Соцпедагогдорго методикалык колдоо көрсөтүү максатында “Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук жана өспүрүмдөрдүн суициддик жүрүм-турумунун белгилери” аталышындагы презентация жасалды. Анда зомбулуктун негизги түрлөрү, тобокел тобундагы үй-бүлөлөр тууралуу маалымат берилип, үй-бүлөдөгү зомбулуктун ар бири түрү менен иштөөнүн алгоритми көрсөтүлдү.

Иш чара өкмөттүн алдындагы Аялдар жана гендердик өнүгүү маселелери боюнча улуттук кеңештин үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту алдын алуу жана күрөшүү боюнча планынын алкагында уюштурулду.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер