ҮЙ-БҮЛӨЛҮК БИЛИМ БЕРҮҮ ФОРМАСЫНДА ЖАЛПЫ БИЛИМ АЛУУ ТАРТИБИ ЖӨНҮНДӨ ЖОБО

  • 12.12.2025
  • 0

Уңгужол – улуттук демдин өзөктүү жолу

Редакциядан:

Өзүңүздөр жакшы билесиздер, билимсиз жана таалим-тарбиясыз адамдар менен калк турмушун жакшыртуу болбойт, өлкөбүздүн бакубат болочогун куруу мүмкүн эмес. Андай элдин арымы кыска, мындай журттун келечеги бүдөмүк болот. Караңгылык капшабына кабылбайлы десек, ар бир кыргыз жараны, ар бир кыргыз баласы азыртан жеке өзүнүн илим-билим жана таалим-тарбия деңгээлин көтөрүү, адамдык акыл-парасат көрөңгөсүн көбөйтүү аракетин жасашы керек. Мындан ар бүлө мүчөсү, анын ичинде бүтүндөй бир бүлөнүн Алтын казыгы болуп саналган ата-энелер дагы тышкары калбоого тийиш.

Өзүңүздөр жакшы билесиздер, өткөн жылы президентибиз Садыр Жапаровдун «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» Уңгужолу жөнүндөгү жарлыгы чыккан. Бул доктринаны Эгемен Кыргызстандын коомдук-саясий, социалдык-экономикалык, маданий-руханий жактан стратегиялык өнүгүүсүнүн жалпы улуттук уңгу жолу катары карасак болот. Улуттук уңгу жол дүйнөлүк деңгээлдеги бийиктикке умтулган көөнө улуттук демдин өзөктүү жолу деген эле кеп. Ал баш багыты так аныкталган, узак мөөнөткө эсептелген идеялар тутумунан турат.

Аны Кыргызстандын, анын ичинде жамы кыргыз журтунун идеологиялык башкы таянычы катары карасак болот. Улуттук уңгу жолдун башкы өзгөчөлүгү ушу: барыдан мурда таалим-тарбияга, мамлекеттин кичи модели катары эсептелген үй-бүлөгө, билим берүүгө, айрыкча билим берүүнүн заманбап жаңы моделине трансформациялоо маселесине басым жасалган. Улуттук уңгу жол дүйнөлүк бийиктикке умтулган улуттук демдин өзөктүү жолу болуп калды.

Улуттук уңгу жолдун негизги максаты мамлекеттик бийликтин, жалпы жарандык жана үй-бүлөлүк институттардын ишин бир нукка салып, келечекте билимдүү, нарктуу, мекенчил жарандарды калыптандыруу аркылуу күч-кубаттуу кыргыз мамлекетин куруу болуп саналат. Демек, биз беш манжадай биригип, бир муштумдай түйүлүп, жалпы кыргыз журтунун изги тилегине зирек карап, илгери үмүтүнө тирек болуп берет деген ишенимде турабыз.

Ушу тапта кыргыз элинин алдында өзүнүн жана өлкөнүн келечек тагдырын оң багытка буруунун, даңгыр жолго салуунун тарыхый ооматы келип турат. Биздин башкы милдетибиз өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн сактоо, коомдун жашоо-турмушун турукташтыруу, мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу, өлкө экономикасын өнүктүрүү, калк турмушун жакшыртуу, ошондой эле илим-билимдүү, таалим-тарбиялуу, дени сак, акылы тунук жаңы муундун өкүлдөрүн өстүрүү болуп саналат.

Азыркы «Алтын Казык» мамлекеттик программасында бүткүл өлкө жарандарын, анын ичинде ата-энелер менен мугалимдер жамаатын, алтургай мектеп босогосун жаңыдан аттаган балакайларыбызга чейин тынчсыздандырган бир катар арты туюк, алды күдүк суроо-сопкуттарга кыйла так жооп берилген. Анда балдарга билим берүү жүрүмү менен таалим-тарбия иши куштун кош канатындай эриш-аркак жүрүшү керек экени баса белгиленди.

Албетте, мындай демилге мамлекет башчысы тарабынан көтөрүлүп, анын такай көзөмөлүндө тургандыктан, ырааттуу жүзөгө аша турганына эч күмөнүбүз жок. Ошону менен бирге, Кыргызстандын агартуу тармагы “Алтын Казык” мамлекеттик программасынын алкагында 12 жылдык окутуу тутумуна трансформацияланып, жаңы билим берүү моделине өтүп жаткан чак.

Азыр эл аралык тажрыйбалардын негизинде иштелип чыккан билим берүүнүн нукура улуттук жол-жоболору ырааты менен киргизилүүдө. Улуттук жаңы стандартта кыргыздын улуттук өзчөлүктөрү, нукура руханий баалуулуктары, тарыхый жана маданий дөөлөттөр эске алынды. Ошондон улам, окурман назарына балдарга билим берүүнүн жаңы жоболору сунушталууда.

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИНИН Үй-бүлөлүк билим берүүнү уюштуруу чаралары жөнүндө БУЙРУГУ

Бөлүшүү

Комментарийлер