ВИЦЕ-ПРЕМЬЕР-МИНИСТР АЛТЫНАЙ ӨМҮРБЕКОВА БИЛИМ БЕРҮҮНҮН НЕГИЗГИ БАГЫТТАРЫН БЕЛГИЛЕДИ

  • 13.02.2019
  • 0

 

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин коллегиялык жыйынына катышты.

ВИЦЕ-ПРЕМЬЕР-МИНИСТР АЛТЫНАЙ ӨМҮРБЕКОВА БИЛИМ БЕРҮҮНҮН НЕГИЗГИ БАГЫТТАРЫН БЕЛГИЛЕДИ

Кеңешменин жүрүшүндө билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева министрликтин 2018-жылкы ишинин негизги жыйынтыктары тууралуу маалымат берип, ошондой эле үстүбүздөгү жылы аткарыла турган биринчи кезектеги милдеттерге токтолду.

Мындан тышкары, өлкөнүн билим берүү мекемелеринин жетекчилери өз ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары жана жакынкы мезгилге карата артыкчылыктуу пландары тууралуу баяндама жасашты.

Вице-премьер-министр өз сөзүндө билим берүү тармагы ар бир өлкө үчүн артыкчылыктуу багыт катары саналаарын, анткени анын натыйжалуу иш алып баруусу экономиканын өнүгүүсүнө салым кошуучу кесипкөй адистерди даярдап чыгууга мүмкүндүк түзөөрүн баса белгиледи.

Алтынай Өмүрбекова белгилегендей, министрликтин башкы тармактык документин – Кыргыз Республикасынын 2012-2020-жылдарга билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясынын ишке ашырылышы жыйынтыкталганы турат.

Буга байланыштуу ал документтин аткарылышын тыкыр талдоого алуунун маанилүүлүгүн, аны эске алуу менен жаңы стратегиялык документти иштеп чыгууну баштоо зарыл экендигин белгиледи. Бул максатта, вице-премьер-министр маалымдагандай, Өкмөт башчынын тапшырмасы боюнча билим берүү маселеси боюнча эксперттик кеңешти түзүү боюнча талкуулар башталды.

Ошондой эле Алтынай Өмүрбекова кошумчалагандай, Премьер-министрдин ташырмасына ылайык, өлкөдөгү мугалимдердин айлык акысын жогорулатуунун жаңы механизмдерин киргизүү мүмкүндүгү иликтенүүдө.

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бул маселенин үстүндө иштеп жатат белгилей кетүү зарыл. Министрликтин алдында тиешелүү жумушчу топ түзүлгөн, ал ар түрдүү, анын ичинде эмгек акы фондун 20% чейин өбөлгөлөө боюнча варианттарды караштырат. Айлык акыны жогорулатуу мугалимдерге билим берүүнүн сапатын жогорулатууга мотивациялоого тийиш», — деди Алтынай Омурбекова.

Муну менен бирге ал мектепке чейинки билим берүүнүн альтернативдик окутуу формаларын издөөнү, МЖӨ принциптерин өнүктүрүүнү, китепканалардын базасында эрте курактан өнүктүрүү борборлорун өркүндөтүүнү, базистик окуу программаларын жакшыртуунун жана педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын туруктуу жогорулатуунун үстүндө иштөөнү тапшырды.

ВИЦЕ-ПРЕМЬЕР-МИНИСТР АЛТЫНАЙ ӨМҮРБЕКОВА БИЛИМ БЕРҮҮНҮН НЕГИЗГИ БАГЫТТАРЫН БЕЛГИЛЕДИ

Ошондой эле Кыргыз билим берүү академиясын өнүктүрүү концепциясын сунуштоо жана 5-6-класстын окуучулары үчүн сапатсыз окуу китептерин басып чыгарууга байланыштуу жагдайдын кайталанбашы үчүн китеп басып чыгаруу процессин кайра карап чыгуу тапшырылды. Аны менен бирге ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн инклюзивдик билим берүү принциптерин активдүү киргизүү жана аларды кепилденген билим берүү менен максималдуу камсыздоо зарылдыгы көрсөтүлдү.

Мындан тышкары вице-премьер-министр белгилегендей, шаарлардын жана райондордун мектептерге муктаждыгын аныктоо боюнча иштерди күчтөндүрүү зарыл жана өлкөнүн бардык мектептерин Интернетке кошуу боюнча иштер аяктай турганын кошумчалады.

Бир катар тапшырмалар жогорку билим берүү тутумундагы кадамдарды кайра карап чыгууга тийиштүү болду.

Мамлекеттик ЖОЖдордун ректорлоруна илимий ишмердүүлүк менен алектенген окутуучуларды кесипкөйлүк мотивациялоо тутумун түзүү, профессордук-окутуучулук курамдын квалификациясын, эмгек маянаны жогорулатуу жана ЖОЖдорду материалдык-техникалык камсыздоону жакшыртуу тапшырылды.

Вице-премьер-министр Билим берүү жана илим министрлигинин жетекчилигине жана жамаатына ийгилик каалап, бул тармактын маанилүүлүгүн дагы бир ирет баса белгилеп өттү.

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

 

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер