ВЕДОМСТВОЛУК СЫЙЛЫКТАР ЖӨНҮНДӨ ЖОБО БЕКИДИ

  • 27.05.2022
  • 0

Билим берүү жана илим министрлигинин буйругуна ылайык, ведомстволук сыйлыктар жөнүндө жобо бекитилди. Бул жобо министрликтин ведомстволук сыйлыктарынын түрүн, алардын укуктук статусун, ошондой эле сыйлыктарга көрсөтүүнүн жана сыйлоонун тартибин аныктайт.

Министрликтин ведомстволук сыйлыктары болуп Ардак грамотасы, “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгиси, “Илимдин мыктысы” төш белгиси, “Кызматташтык салымы үчүн”  медалы саналат.

Билим берүү жана илим министрлигинин  ведомстволук сыйлыктарын  ыйгаруу Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим чөйрөсүндө маанилүү жеке салым кошкон адамдардын сиңирген эмгегин баалоонун, таануунун, дем берүүнүн формасы болуп эсептелет.

Белгилей кетсек, “Билим берүүнүн мыктысы”, “Илимдин мыктысы” төш белгилери, “Кызматташтык салымы үчүн” медалы,  Ардак грамота ведомстволук сыйлыктардын аталыштары мамлекеттик тилде жазылат.

Бөлүшүү

Комментарийлер