УСУЛДУК БОРБОР – МУГАЛИМДЕРДИН ЖАРДАМЧЫСЫ

  • 10.04.2025
  • 0

Талас облусунда кыргыз тили жана адабияты сабагын окутуунун  сапатын жогорулатуу жана усулдук тажрыйбаны жайылтуу багытында бир катар ири масштабдагы ишчаралар ишке ашырылууда.

УСУЛДУК БОРБОР – МУГАЛИМДЕРДИН ЖАРДАМЧЫСЫ

Райондук, шаардык жана облустук деңгээлдерде семинар-тренингдер уюштурулуп, мугалимдердин кесиптик өнүгүүсүн колдоо жана методикалык тажрыйба алмашуу максатында платформалар түзүлгөн. Мугалимдерге дем шык берүү үчүн КРнын Эл мугалими Бектур Исаков агай менен биргеликте чоң иштерди аткарып келатабыз. Алсак, үлгүлүү кыргыз тилчи жана педагогикалык сармерден, кыргыз тилин окутууда кызыктуу өтүү үчүн санарип мугалимдер интернет ресурстарын пайдаланып, оюн аркылуу кызыктырып жана Бектур агайдын кештелерин пайдаланып, сабак өтүп келишүүдө.

УСУЛДУК БОРБОР – МУГАЛИМДЕРДИН ЖАРДАМЧЫСЫ

УСУЛДУК БОРБОР – МУГАЛИМДЕРДИН ЖАРДАМЧЫСЫ

Атап айтканда, облустук деңгээлде “Бектурчулар кербени” аттуу тилчилер менен топ түзүлгөн. Бул топ кыргыз тили жана адабияты сабагынан билим берген мугалимдерден куралып, бири-биринин сабактарына катышуу аркылуу сабак өтүүнүн инновациялык жана таасирдүү ыкмаларын өздөштүрүүдө. Мындан сырткары, Бектур Исаковдун педагогикалык тажрыйбасына өзгөчө көңүл бурулуп, облус боюнча бир катар кыргыз тили жана адабияты сабагынын мугалимдери үчүн облустук семинар өтүлүп, бири- биринин сабактарына катышып, агайдын акыл-насааттарын угуп, практикалык кеңештерин алып келатканын айтпай коюуга болбойт.

УСУЛДУК БОРБОР – МУГАЛИМДЕРДИН ЖАРДАМЧЫСЫ

Өзгөчө белгилеп кетүүчү нерсе, облус аймагындагы ар бир мектепте “Бектур агай бурчу” уюштурулган. Бул бурчтарда кыргыз тилин окутуунун эффективдүү жана кызыктуу усулдары, сабак өтүүнүн мыкты практикалары жайгаштырылып, мугалимдер арасында ыкчам тажрыйба алмашууга өбөлгө түзүлгөн. Аталган демилгелер кыргыз тилин окутууда инновацияларды колдоо, педагогдорду шыктандыруу жана тилди жандуу, жеткиликтүү формада окутууга багытталган стратегиялык кадам катары мааниге ээ.

Өткөн жылдын жыйынтыгында май айында кыргыз тилчилердин жыл боюу аткарган иштерин билимдерин тереңдетүү максатында алган тажрыйбаларын практикада колдонуу үчүн суроо-жооп аркылуу педагогикалык сармерден уюштурулуп, райондор арасында таймаш болгон. Жыйынтыгында Талас жана Айтматов районунун кыргыз тилчилери эки тай, Бакай-Ата жана Манас райондору он миң сом жана сынакка катышкан жүз мугалим «Манас алиппеси» деген  жүз китеп менен сыйланышты. Андан тышкары облустук семинардан тандалган мугалимдер тажрыйбасы менен бөлүшүп, жаш тилчилерге «Бектур агай» лицейинде сабак өтүштү.

Алдыда дагы чоң пландар бар, аны Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту  менен сүйлөшүп жатабыз.

Салтанат БЕЙШЕНОВА, Талас облустук билим берүү усулдук борборунун директору

Бөлүшүү

Комментарийлер