USAIDдин «Окуу керемет!» долбоорунун жыйынтыктары жана жетишкендиктери

  • 20.09.2024
  • 0

Мугалимдердин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу

USAIDдин «Окуу керемет!» долбоору башталгыч класстардын мугалимдерин окутуу үчүн төрт тилде (кыргыз, орус, өзбек, тажик) окуу жана түшүнүү боюнча 5 модулду, математиканы окутуу боюнча 10 модулду иштеп чыкты.

Бул модулдар Moodle платформасынын негизинде катышып окуу жана аралыктан окуу үчүн ыўгайлаштырылды. Аталган платформа мугалимдердин квалификациясын аралыктан жогорулатууга мүмкүнчүлүк берет.

2022-жылдын июнь айында 14 700дөн ашык мугалимдер жана мектеп китепканачылары иштелип чыккан модулдардын негизинде башталгыч мектеп окуучуларынын окуу жана жазуу көндүмдөрүн өнүктүрүү усулдары боюнча окутууну ийгиликтүү аяктап, мамлекеттик үлгүдөгү сертификат алышты.

Долбоор 2023-жылдын май айында эки жылдык 144-сааттык математиканы окутуу боюнча башталгыч класстардын мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу курсун жыйынтыктады. 12 378 мугалим аталган курсту ийгиликтүү аяктап, мамлекеттик үлгүдөгү сертификат алышты.

23 педагогикалык ЖОЖ жана колледж «Окуу керемет!» долбоорунун окуу жана математика боюнча модулдарын, мугалимдерге усулдук колдоо көрсөтүү боюнча материалдарын жана калыптандыруучу баалоо куралдарын башталгыч класстардын мугалимдерин даярдоо окуу программаларына киргизишти.

USAIDдин «Окуу керемет!» долбоорунун жыйынтыктары жана жетишкендиктери

Окуу чөйрөсүн жакшыртуу

Балдарды жана алардын ата-энелерин окууга көбүрөөк тартуу максатында долбоор ар кандай класстан тышкаркы иш-чараларды уюштурууга колдоо көрсөттү.

380 000ден ашуун окуучулар математика жана окуу сынактарына, жайкы лагерлерге, китеп клубдарына, изилдөө долбоорлоруна жана бөлөк иш-чараларга катышышты.

2021-жылдан бери өлкө боюнча 1459 максаттуу мектеп жана 40 коомдук китепкана долбоордун колдоосу менен жыл сайын окуу жана эсеп жайкы лагерлерин өткөрүштү.

Долбоор класстан тышкаркы иш-чараларды уюштуруу боюнча колдонмону, жайкы лагерди жана айрым темаларга арналган ата-энелер чогулуштарын өткөрүү сценарийлерин иштеп чыкты жана алар менен башталгыч класстардын мугалимдерин камсыз кылды.

Бул нускамалар мугалимдерге окуучулардын функционалдык көндүмдөрүн өнүктүрүүгө жана ата-энелерди билим берүү процессине тартууга жардам берди.

2023-жылдын 12-декабрында «Окуу керемет!» 462 аталыштагы балдар китептеринин 1 790 030 нускасын 1 679 максаттуу мектеп үчүн Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине тапшырды.

Бул китептер 2020-жылдан тарта түрлүү жанрда 1579 аталыштагы балдар китептерин адаптациялаган жана жаўыдан иштеп чыккан жергиликтүү 60 автордун жана 30 иллюстратордун биргелешкен эмгегинин жемиши.

Авторлор жана иллюстраторлор, жергиликтүү жана эл аралык эксперттердин колдоосу менен, балдардын жаш өзгөчөлүктөрүнө жана окурмандык көндүмдөрүнүн деўгээлине ылайык келген, заманбап стандарттарга жооп берген кызыктуу китептерди жаратуу боюнча атайын окуудан өтүштү.

Бул китептердин төрт тилдеги электрондук нускалары, анын ичинде жаўдоо тилине которулган 40 китеп, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин www.kitep.edu.gov.kg сайтында жана www.bloomlibrary.org эл аралык Bloom санарип китепканасында жеткиликтүү.

2023-жылдын февраль айында 3 372 «Математикалык сандыкча» 1 679 максаттуу мектепке тапшырылган. Бул комплекттер 27 түрдүү көрсөтмө куралдарды жана манипулятивдик материалдарды, ошондой эле математика сабагында бул окуу материалдарын колдонуу боюнча мугалимдер үчүн Нускаманы камтыйт.

USAIDдин «Окуу керемет!» долбоорунун жыйынтыктары жана жетишкендиктери

Окутуунун сапатын жогорулатуу үчүн санариптик чечимдер

Башталгыч класстарда окууну жана математиканы окутуунун сапатын жогорулатуу максатында долбоор эки электрондук тиркемени иштеп чыкты: БаалооАпп тиркемеси мугалимдерге окуучулардын окуу жана математикалык көндүмдөрүн калыптандыруучу ыкма менен баалоого жардам берет. Бул тиркеме Кыргыз билим берүү академиясы тарабынан бардык мектептерде колдонууга сунушталды.

Экинчи тиркеме – СабакАпп методисттер жана насаатчылар тарабынан сабакка байкоо жүргүзүү жана конструктивдүү кайтарым байланыш берүү аркылуу мугалимдерге усулдук колдоо көрсөтүү үчүн колдонулат. Бүгүнкү күнгө карата бул тиркемени колдонуу менен 80 000ден ашык сабактарга байкоо жүргүзүлдү.

 

Башталгыч билим берүү системасын бекемдөө

Кыргыз билим берүү академиясы тарабынан «Окуу керемет!» долбоорунун колдоосу менен иштелип чыккан башталгыч класстар үчүн предметтик билим берүү стандарттары 2022-жылдын сентябрь айында КР ББИМ тарабынан бекитилди.

Долбоор билим берүү тутумунун ар деўгээлиндеги кызматкерлери, райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн (рай/шаарБББ) методисттери, педагогикалык ЖОЖдордун жана колледждердин окутуучулары үчүн мугалимдерге сапаттуу усулдук колдоо көрсөтүү боюнча окуу турларын, конференцияларды, ар кандай семинарларды жана тренингдерди үзгүлтүксүз уюштурду.

800дөн ашуун мектеп администрация өкүлдөрү, рай/шаарБББнүн методисттери башталгыч класстардын мугалимдерине окууну жана математиканы окутууда усулдук колдоо көрсөтүү боюнча тренингдерден өтүштү.

Аталган окуу билим берүүнү башкаруу тармагында райондук жана шаардык деўгээлдеги жетекчилердин, мектеп директорлорунун жана окуу бөлүм башчыларынын маалымдуулугун жогорулатуу жана усулдук ишке тартылышын күчөтүү, ошондой эле долбоордун натыйжаларын билим берүү тутумунда туруктуу орнотуу үчүн
жүргүзүлдү.

USAIDдин «Окуу керемет!» долбоорунун жыйынтыктары жана жетишкендиктери

USAIDдин «Окуу керемет!» долбоору Кыргыз
Республикасынын Билим бер
үү жана илим министрлигине жана биз менен беш жыл аралыгында иштешкен бардык өнөктөштөрүбүзгө – Кыргыз билим берүү академиясына, ЖОЖдорго жана колледждерге, Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо Республикалык институтуна, Областтык билим берүү институттарына (Ош жана Каракол шаарлары), Областтык усулдук борборлорго, квалификацияны жогорулатуу борборлоруна, Райондук/Шаардык билим берүү бөлүмдөрүнө жана окуу-методикалык кабинеттерге, ошондой эле, долбоордун 1679 максаттуу мектептеринин администрациясына жана мугалимдерине – натыйжалуу жана терең кызматташтыгы үчүн терең ыраазычылык билдирет.

Долбоордун алкагында иштелип чыккан, колдонууга бекитилген жана өлкөнүн билим берүү уюмдарында туруктуу пайдаланууга берилген ресурстары

USAIDдин «Окуу керемет!» долбоорунун жыйынтыктары жана жетишкендиктери

 

 

 

WordCalc  Лингвистикалык текстти талдоо куралы

USAIDдин «Окуу керемет!» долбоорунун жыйынтыктары жана жетишкендиктери

BaalooApp: чтение и математика/окуу жана математика (Tangerine platform). 1–4-класстын окуучуларынын окуу,түшүнүү жана математикалык көндүмдөрүн калыптандыруучу баалоо үчүн программалык тиркеме

USAIDдин «Окуу керемет!» долбоорунун жыйынтыктары жана жетишкендиктери

 

 

 

SabakApp: Башталгыч мектепте окуу жана математика сабактарына байкоо жүргүзүү жана талдоо үчүн акысыз колдонмо (Tangerine platform)

USAIDдин «Окуу керемет!» долбоорунун жыйынтыктары жана жетишкендиктери

Сабактарга байкоо жүргүзүү жана талдоо үчүн акысыз тиркеме (бардык сабактар ​үчүн жалпы/универсалдуу форма)

Методикалык колдонмолор

USAIDдин «Окуу керемет!» долбоорунун жыйынтыктары жана жетишкендиктери

Методикалык материалдар Кыргыз билим берүү академиясынын сайтында кыргыз жана орус тилдеринде жайгаштырылган

USAIDдин «Окуу керемет!» долбоорунун жыйынтыктары жана жетишкендиктери

Математика модулдары жана окуу боюнча видеосабактар: https://www.youtube.com/@okuukeremet

Бөлүшүү

Комментарийлер