Университетке салым кошкон ЫКТЫЯРЧЫ-ОКУТУУЧУЛАР
- 16.12.2025
- 0
Кыргыз улуттук университетинде көп тилдүү билим берүүнү өнүктүрүүгө акысыз негизде салым кошуп келе жаткан ыктыярчы-окутуучулар менен салтанаттуу жолугушуу өттү.

Учурда окуу жайда туруктуу негизде 40ка жакын чет өлкөлүк ыктыярчы эмгектенип, студенттерге кытай, жапон, корей, түрк, немис, англис жана поляк тилдерин үйрөтүп келишет.
Бул демилге эл аралык кызматташтыкты чыңдоого жана маданияттар аралык диалогду өнүктүрүүгө өбөлгө болууда. Иш-чара университеттин билим берүү ишмердүүлүгүнө кошкон эмгеги, демилгелүүлүгү жана активдүү катышуусу үчүн ыктыярчыларга ыраазычылык билдирүү максатында уюштурулду.
Ага окуу жайдын ректору, проректорлор, факультеттердин декандары жана директорлору, Кытай, Япония, Корея Республикасынын, Россия жана Беларусь өлкөлөрүнүн өкүлдөрү, ошондой эле студенттер катышты.
Жолугушуу пикир алмашуу, келечекке карата пландарды талкуулоо жана университет, ыктыярчы-окутуучулар менен чет өлкөлүк өнөктөштөр ортосундагы өнөктөштүк байланыштарды бекемдөө үчүн маанилүү аянтча болду.
Кыргыз улуттук университетинин эл аралык мамиле жана чыгыш таануу факультетинин 2-курсунун студенти Салтанат Ташматова корей тилин үйрөнүп келет. Студенттин айтымында, сабактар абдан кызыктуу өткөндүктөн, чет тилин терең өздөштүрүүгө жакшы мүмкүнчүлүк бар. Ыктыярчы мугалим студенттерди тилге кызыктыруу максатында ар кандай отуруштарды, майрамдарды да уюштура коёт.
Окуу жайга корей тилин билбей эле келгем, бул тилди университеттен үйрөнүп, өздөштүрдүм деп айта алам. Биздин сабактар аябай кызыктуу өтөт, мугалимибиз дагы идеяга бай, ал ачкан ар кандай ийримдер бизге көптөгөн мүмкүнчүлүктөрдү ачып берет. Мугалимибиз өзүнүн сабагы кызыктуу болуш үчүн бизге отуруштарды, майрамдарды уюштуруп бергенге аракет кылат. Мисалы, дүйшөмбү күндөрү корей улутундагы адамдар менен жолугуп, каалаган жерибизге барып, тил алып жүрүүчүлөр менен практика кылып турабыз. Ошондой эле жылына эки жолу оорукананын кызматкерлерине котормочу болобуз. Кыргыз улуттук университетинде алмашып окуу программасы бар, буйруса, мен дагы жазында Кореяга барып,тилди дагы да тереңирээк өздөштүрүүнү максат кылып жатам.
Окууга жаңы тапшырарда кытай жана корей тилинин ортосунда тандоо болгон, азыр туура жолду тандаганыма кубанам, — дейт студент.
Кыргыз улуттук университет ар бир ыктыярчыга билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жана эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө кошкон баалуу салымы үчүн терең ыраазычылык билдирет.
Комментарийлер