УЛУУ ЖЕҢИШКЕ АРНАЛДЫ
- 07.05.2024
- 0
7-майда борборубуздун Свердлов районуна караштуу №94 мектебинин башталгыч класстарында Улуу Жеңишке арналган тарбиялык сааттар өтүлдү.
Бул күнү 1-класстарынын мугалимдери Абдыласова Сүйөркан «Тынчтык керек», Мурзабекова Гүлжан «9-май – Улуу Жеңиш күнү», Байзакова Жайнагүл «Жашасын Улуу Жеңиш» деген темада класстык сааттарды жогорку деңгээлде өтүштү.
Окуучулар Жеңиш жөнүндө ырларды көркөм айтып, патриоттук бийлерден бийлеп беришти. Мектеп администрациясы балдарды Ата Мекенин көздүн карегиндей сактоого чакырып, мугалимдерге ийгилик каалашты. Катышкан ата-энелер ыраазы болуп кетишти.
Буайша НАЗАРБЕКОВА, Бишкек шаары
Бөлүшүү
Комментарийлер