«УЛУУ ЖЕҢИШКЕ 80 ЖЫЛ! ВЕЛИКОЙ ПОБЕДЕ 80 ЛЕТ!» АТТУУ КИТЕП ЖАРЫК КӨРДҮ

  • 26.02.2025
  • 0

К.И.Скрябин атындагы КУАУнун Тарых жана философия кафедрасынын башчысы, Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү, тарых илимдеринин доктору, профессор, ондогон окуу китептеринин автору Өскөн Осмонов «Улуу жеңишке 80 жыл! Великой Победе 80 лет!» аттуу китепти кыргыз жана орус тилдеринде басып чыгарды. Бул китепте кыргызстандык жоокерлердин согуштун алгачкы жылындагы эрдиктери, Москва шаарын коргоодогу панфиловчулардын баатырдыгы менен башталат.

Кыргыз жоокерлеринин 1942-1943-жылдардагы салгылаштарга катышканын чагылдырууга өзүнчө согуштун аяккы жылдарындагы эрдиктерин өзүнчө бɵлүмдɵ берет. Тылдагы элибиздин күжүрмөн эмгегин чагылдырууга бир бөлүм арналган. Согуш мезгилиндеги Кыргызстанда илимдин өнүгүшүнө, кан күйгөн согуш мезгилинде республикабызда СССРдин Илимдер академиясынын филиалынын ачылышы, белгилуу окумуштуулардын Кыргызстанга эвакуацияланып келиши, алардын илимге кошкон салымы баяндалат. Ошол мезгилдеги маданияттын өнүгүшүнө да эмгекте сереп салынат. Ɵзгөчө эрдик көрсөтүп Советтер Союзунун Баатыры, Даңк орденинин толук кавалери болгон жоокерлердин тизмеси берилип, айрымдарынын өмүр баяндары, көрсөткөн эрдиктери жазылган.

Соңку сөз ордуна жазылган бөлүмчөдө автор өзү туулуп ɵскɵн Чүй районундагы Маданият кыштагынын согуш мезгилиндеги турмушун баяндайт. Айылдагы 50  түтүн элден 85 эр-азаматтын мекенди коргоого аттанышы, айрым үй бүлөдөн 3-4 адамдын майданга барышы, айылдан барган жоокерлердин 80 пайызынын курман болгону, аман кайткандардын баары майып болуп келгени, согуш жылдарындагы айыл эмгекчилеринин абалы, согуштан кийинки жылдардагы айылдагы жетишкендиктер окурмандарды кайдыгер калтырбайт.

Бөлүшүү

Комментарийлер