УЛУУ ОЙЧУЛГА АРНАЛГАН КОНФЕРЕНЦИЯ
- 11.11.2023
- 0
Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде Абу Райхан Берунинин туулган күнүнүн 1050 жылдыгына арналган «Улуу ойчул жана энциклопедист Абу Райхан Беруни жана анын дүйнөлүк илимдин өнүгүүсүнө кошкон салымы» аталышындагы эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.
Конференция КӨЭАУнун ректору, профессор Абдылбает Мамасыдыковдун, КРдин ТҮРКСОЙдогу өкүлү Канат Мамбеталиевдин, Наманган мамлекеттик университетинен келген өкүлүнүн жана Андижан мамлекеттик педагогикалык институтунун ректору, профессор Бахтиер Расуловдун куттуктоо сөздөрү менен башталды.
Пленардык жыйындын алдында КӨЭАУнун Окумуштуулар кеңешинин чечимине ылайык, Андижан мамлекеттик педагогикалык институттун ректору, тарых илимдеринин доктору, профессор Бахтиер Расуловго Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин “Ардактуу профессору” наамы берилди.
Ага улай эле КӨЭАУнун мурдагы ректору, э.и.д., профессор Чаткалбай Райымбаев, университеттин эл аралык байланыштар, инновация жана инвестиция боюнча проректору, фил.и.д., профессор Аида Балтабаева, мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча КӨЭАУнун проректору, ф.и.к., доцент Сыргак Сарыков, тарых-филология факультетинин деканы, п.и.к., доцент Назира Тилекова, эл аралык байланыштар, инновация жана инвестиция бөлүмүнүн адиси Рустам Салимовдор да ТҮРКСОЙ эл аралык уюумунун баалуу белектерине ээ болушту.
Пленардык жыйын ОшМУнун кафедра башчысы, филос.и.д., профессор Кубанычбек Исаковдун, Андижан мамлекеттик педагогикалык институтунун ректору, т.и.д., профессор Бахтиер Расуловдун, НамМУнун профессору, т.и.д. Абдулло Расуловдун, тарых-филология факультетинин деканы, п.и.к., доцент Назира Тилекованын Абу Райхан Берунинин чыгармачылык, окумуштуулук бейненсине арналган докладдары менен жыйынтыкталды. Резолюция кабыл алынды.
Комментарийлер