УЛУТТУН УЛУУЛУГУН ДАҢКТАГАН ЭНЕ ТИЛИМ — УЛУТТУК ДӨӨЛӨТҮМ
- 28.09.2020
- 0
Кыргыз тили – Кыргыз Республикасынын негизги калкынын кыргыз улутунун улуттук тили. Эне тилибиз ар бир атуулдун кан-жаны менен бирге бүтүп, боор эти менен тең, эч нерсе менен алмашкыс ыйык дөөлөтү, сыймыгы.
Андыктан кыргыз тилин кадырлоо, сүйүү, өнүктүрүү үчүн ар кимибиз өз салымыбызды кошуп, көптөгөн иш-чараларды уюштуруп, анын аткарылышына көз салышыбыз керек.
Агартуу майданында мындай иш-чаралар ар дайым жарыяланып, жаңыланып турары абзел.
Кыргыз тилинин мамлекеттик тил катары тил статусун алгандыгынын 31 жылдыгына арналган иш-чаралар Кара-Көл шаардык билим берүү бөлүмүндө азыркы кырдаалга байланыштуу онлайн режиминде «Улуттун улуулугун даңктаган эне тилим — улуттук дөөлөтүм” аттуу иш-чара мектептерде класстык сааттар менен коштолуп, өз максатына жетти.
“ Мамлекеттик тил күнү” кыргыз тилчи мугалимдердин усулдук секциялык иштеринде, класс жетекчилердин класстык сааттарында, көркөм-адабий ийримдерде иштелип чыгып ар түрдүү онлайн формада даярдалып, ар бир кыргыздын патриоттук сезимин ойготуп, жалпы окуучуларга жеткирилди. Мисалга алсак, Ч.Тулөвердиев атандагы № 2 жалпы билим берүү инновациялык мектебинде “Дилимде ар дайым эне тилим”, “Эне тил”, “Эне тилин унуткандар”, “Дил бермети – тил”, ошондой эле “Манас” эпосунан үзүндүлөр айтылып, түбөлүк элди эл кылып турган анын тили экендигин дагы бир жолу белгилешти.
Ал эми №4 Шопоков атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде “Эне тилим – жан дилим“, “ Элибиздин түбөлүктүүлүгү – эне тилинде“, “Эне тилим эң ыйыгым, ардагым”, “Кыргыз тилим кылымдарды баскан тил “ , “Биз Манастын урпагыбыз” деген темада класстык саааттар өткөрүлүп, «Манас» эпосунан үзүндүлөр айтылды.
Мугалимдер жааматы «Кыргыз тил» гимнин хор менен жандуу ырдашты.
Токтогул атындагы № 1 мектеп-гимназия, Фрунзе атындагы № 3 жалпы билим берүү мектеби ж. б. мектептер жогорудагы эне тилге байланышкан бардык темаларда класстык сааттарды онлайн уюштуруп, сабактарды ютубга жүктөштү.
А. Алибеков, «Кут Билим»
Комментарийлер