УЛУТТУК ЖАҢЫ МОДЕЛДЕГИ МЕКТЕПТИ БАШКАРУУ
- 18.09.2025
- 0
2025-26-окуу жылында 12 жылдык билим берүү моделине өтүүдө Ш.Кочкорбаев атындагы орто мектебинин педагогикалык жамааты ”Алтын Казык” программасынын негизинде заманбап окутууну трансформациялоого кадам таштады.

”Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” эгемендүү Кыргызстандын жалпы улуттук уңгужолу катары саналат. Улуттук уңгу жолдун негизги максаты — таалим-тарбияга, үй-бүлөгө, айрыкча, билим берүүнүн жаңы моделине трансформациялоо маселесине басым жасоо. Билим берүүнү трансформациялоодо ар бир мугалимдин кесиптик чеберчилигин, билимин жогорулатуу зарылдыгы келип чыкты. Ошондуктан STEM предметтери жана башталгыч класстардын мугалимдери Агартуу министрлиги тарабынан уюштурулган бардык окууларга (тренингдерге) толук катышты жана алган билимдерин мектеп ичиндеги педагогикалык жамаатка жайылта алышты.
”Алтын Казык” программасы билим берүү системасын түп-тамырынан бери өзгөртүүнү көздөгөн мамлекеттик программа болуп саналат. Ошол себептен мугалимдер окутууга болгон мамилелерин өзгөртүп жатышат. Учурда ар бир мугалим өз сабагында окуучулардын өз алдынча ой-жүгүртүүсүн өнүктүрүп, жекече иштөөгө жана билимди тереңдетип алууга умтулуусун ойготуп, алган билимдерин турмуштук практикада туура пайдаланууга үйрөтүүгө басым жасашууда.
Он эки жылдык билим берүүнүн дагы бир негизги максаты — улуттук сапаттардын жети баалуулугун окуучулардын жан дүйнөсүнө сиңирүү.
- Мекенчилдик
- Чынчылдык жана адилеттүүлүк
- Жоопкерчиликтүүлүк
- Боорукердик жана мээримдүүлүк
- Эмгекчилдик жана ак ниеттүүлүк
- Жаратылышка аяр мамиле жасоо
- Туруктуулук
Бул баалуулуктар Манас атанын жети осуяты менен үндөш жана кыргыз элинин руханий маданиятын чагылдырат.
Азыркы күндөрдө биздин мектептин педагогикалык жамааты Мамлекеттик билим берүүнүн стандартынын төрт негизги компетенттүүлүгүн (таанып-билүүчүлүк ишмердүүлүк; социалдык-коммуникативдик; маалыматтык-санариптик; эмоционалдык-инсандык) жана баалуулуктарды камтуу менен жаңыланган сабактардын моделин иштеп чыгып, мамлекет тарабынан коюлган талаптарды аткарышууда. Жаңы талаптарды ишке ашырууда мектеп мугалимдери жалгыз эмес, аларга мамлекет жана Агартуу министрлиги алгылыктуу колдоолорду көрсөтүүдө. Атап айтсак, STEM жана чет тили мугалимдерине “Алтын Казык” ноутбуктары берилди. Бул ноутбуктар STEM предметтери боюнча сабак өтүүгө ылайыкталган “Санарип кампа” программасы менен камсыздалыптыр. Демек, бул ноутбуктар мугалимдин сабак өтүүсүнө бир топ жеңилдиктерди алып келди. Мындан тышкары электрондук күндөлүк дагы мугалимдердин ишмердүүлүгүн артырууга убакытты үнөмдөп берүүдө.
Улуттук жаңы моделдеги мектепти башкаруу – бул мамлекет койгон жаңы талаптарды үзгүлтүксүз аткаруу. Бул талаптарды аткаруу жолунда “Алтын Казык” программасынын жаштарды азыркы дүйнөлүк эмгек рыногунун талаптарына жана келечекке даярдоо негизги максатын ишке ашыруу.
Замира ТЕМИРБЕКОВА, Ш.Кочкорбаев атындагы орто мектебинин окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары, Талас облусу
Комментарийлер