Бишкекте 28-Шанхай эл аралык кинофестивалынын финалисти жана дипломанты болгон «Эрезе» тасмасынын бет ачаары болду. Бул жаш режиссер Наргиза Доотиеванын дебют тасмасы. Продюсери – кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер Гүлнара Касмамбетова.
Кыргыз-тажик чек арасындагы коркунуч тооруган, ок атылып, тынчы жок жашаган кыргыз айылы, атасы миграцияга кетип жоголгон, энеси үйдөн кетип калып, чоң энесинин колунда эрезеге жетип жаткан өспүрүмдүн тагдыры, жетилүү убагы. Чоң энеси каза болгондо небереси анын керээзин аткарыш үчүн чоң атасынын сөөгү жаткан мазарга алпарып коймокчу болот, бирок чек аранын ар жагында калган мазарга чек арачылар өткөрүшпөйт.
Башкы ролдордо “Манас” театрынын манасчысы Уланбек Мирланов жана Кыргыз эл артисти Бермет Өмурова. Фильм Баткен облусунда тартылып, массовкага жергиликтүү театрдын актёрлору катышкан.
«Эрезе» — чек арадагы жашоону гана эмес, мекенге болгон мамиле, үй-бүлөлүк нарк жана турмуштук сыноолордон өткөн адамдын жетилүүсү тууралуу терең ойго салган тасма.
“Бул тасма Шанхай эл аралык кинофестивалында “Азиянын жаш таланттары” программасына алынышы, финалга жетиши биздин улуттук маданият, улуттук кино үчүн жакшы жеңиш жана жышаан деп эсептеймин”,-деди Мамлекеттик катчы Арслан Капай уулу Койчиев.
“Менин досум Арген Кадыров айткандай, бизди тааныган дүйнөгө биз эмнени беребиз? Албетте, ушул сыяктуу мыкты чыгармаларды беришибиз керек”.
Өткөн жылы Шанхай кинофестивалында “Кара, кызыл, көк” тасмасы менен баш байгени жеңип келген атактуу режиссер Актан Арым Кубат бул жылы эл аралык кинофестивалга калыстар тобуна мүчө болуп катышты.
“Кыз киши ушундай бир көйгөйлүү теманы алып чыкканы бул өзүнчө эле бир жетишкендик. Кыргыздын киносун ушундай атактуу жерден көрсөтүп отурганына сүйүнүм отурдум”,-деди Актан Арым Кубат.




Комментарийлер