ҮМҮТ АРТТЫРГАН ДҮЙНӨЛҮК СЫНАК

  • 11.04.2025
  • 0

«Көз коркок, кол баатыр» дегендей, эки жолу (2006, 2009 ж.ж.) эл аралык иликтөөдө көч артында калган Кыргызстан Билим берүү жана илим министрлигинин албан уюштуруучулук иштеринин натыйжасында PISA-2025 изилдөөсүнө үчүнчү ирет дыкат даярдыкта келип, дүйнөлүк масштабдагы жарышка зор уюшкандыкта катышууда.

Билим берүүнүн сапатын жана маалыматтык технологияларды баалоо улуттук борборунун директору Бактыгүл  Шамсутдинованын пикиринде, бул иш-чара өлкөнүн билим сапатынын эл аралык стандарттарга жооп берүүгө умтулуусун чагылдырган улуттук билим берүү системасын өнүктүрүүдөгү маанилүү этап болуп эсептелет.

ҮМҮТ АРТТЫРГАН ДҮЙНӨЛҮК СЫНАК

— Тестирлөөгө өлкө боюнча 197 жалпы билим берүү уюму анын ичинде Баткен облусунан 17, Ош облусунан 34, Ош шаарынан 10, Бишкектен 36, Нарын облусунан 12, Ысык- Көл облусунан 16, Таластан 9 мектеп, жалпысынан 6700дөн ашуун окуучу, анын ичинде кыргыз тилинде 4096, орус тилинде 2470, өзбек тилинде 345 окуучу катышууда. Изилдөөнү ийгиликтүү өткөрүү үчүн Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаменти ар биринде координатору, IT адиси, тестирлөөнүн администратору жана айдоочусу бар 14 мобилдик топту түзгөн. Учурда бул ыкчам топтор жер-жерлерде изилдөө иштерин уюштурууда талыкпай эмгектенип жатат, — дейт Бактыгүл Сабыржановна.

Анын айтымында, изилдөөнү кынтыксыз уюштурууда керектүү жабдыктар менен камсыздоого да өзгөчө маани берилди.

— Процессти жөнгө салуу жана башкаруу үчүн 308 ноутбук даярдалды. Ар бир окуучу үчүн уникалдуу логин жана сыр сөздөрдү түзүүчү Maple системасы иштелип чыгып, биздин өлкөгө берилди. Бул тестирлөөнүн купуялуулугун жана тактыгын камсыздайт, — деди аталган улуттук борбордун директору.

Улуттук борбордун директорунун сөзүнө караганда, бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин координациясы жана Дүйнөлүк банктын «Келечек үчүн билим берүү» долбоорунун каржылык колдоосу аркылуу жүргүзүлүп жатат. 15 жаштагы кыргызстандык өспүрүмдөрдү тестирлөө ушул жылдын 30-апрелинде аяктайт. Изилдөөнүн жыйынтыктоочу отчёту 2026-жылдын аягында жарыяланат, ал Кыргызстандагы билим берүү системасынын абалы боюнча кеңири талдоо жүргүзүүгө мүмкүндүк берет. PISA -2025ке катышуу Кыргызстандын билим берүүнүн сапатын жогорулатууга умтулуусун гана көрсөтпөстөн, эл аралык кызматташуу жана тажрыйба алмашуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү да ачат. Материалдарды которуу, адаптациялоо, тандоо жана даярдоо жол-жоболору, ошондой эле дүйнөлүк эксперттер менен иштөө Кыргызстанга глобалдык билим берүү коомчулугуна интеграцияланууга жана эл аралык деңгээлде өз позициясын баалоого шарт түзмөкчү.

ҮМҮТ АРТТЫРГАН ДҮЙНӨЛҮК СЫНАК

Билим берүүнүн сапатын жана маалыматтык технологияларды баалоо улуттук борборунун маалыматына караганда, дүйнөдөгү эң абройлуу PISA-2025 билим жарышынын негизги изилдөөсү ушул күндөрү биздин өлкөдө кызуу жүрүп жатат. Баткен жана Жалал-Абад облусунда 15 жаштагы өспүрүмдөрдүн жашоо көндүмдөрүн турмушта колдонуусуна саресеп салган иликтөө аяктап калса, Ош облусу менен Ош шаарында тестирлөө 1-апрелде башталып, дагы эки-үч күндө аяктаганы турат. Нарын, Ысык-Көл жана Талас облустарында, ошондой эле Бишкек шаарында тестирлөө 18-21-апрелде аяктайт.

Эми жер-жерлерден келген маалыматтарга орун берсек. Ош облусунун  Кара-Суу районунда окуучулардын билим жетишкендиктерин эл аралык баалоо программасынын (PISA-2025) негизги изилдөөсүнө  Савай айыл аймагындагы №14 Ж.Турусбеков, Датка айыл аймагындагы №124 орто мектептери камтылды. Негизги изилдөөгө эки мектептен 50 окуучу катышууда. Тарыхый мааниси бар бул иш-чарага райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу С.Ысаков, окуу-методикалык каанасынын усулчулары  жана  мектеп директорлору катышып, окуучуларга жакшы каалоо-тилектерин айтып, ийгилик каалашты.

Чүй облусунун Чүй районундагы Иса Үкүев атындагы мектепте да тестирлөө  уюшкандыкта өттү. Сынакка 15 жаштагы 30 окуучу катышты. Бул маанилүү иш-чарага Чүй-Токмок билим берүү бөлүмүнүн башчысы Иманалиев Болот Токтоналиевич жана усулдук кабинеттин башчысы Касенова Бегайым Тилековна катышып, окуучуларды  шыктандырып, ак  тилек каалоолорун айтышты. Тестирлөөгө Билим сапатын өнүктүрүү департаменти жооптуу болуп, уюштуруу жана өткөрүү иштерин Билим сапатын өнүктүрүү департаментинин тест өткөрүү жана уюштуруу бөлүмүнүн башчысы, тест администратору Момбекова Гүлжамал Эркимбековна, IT-адис Касымбеков Адил көзөмөлгө алды.

— Мектеп жамааты тестти жогорку деңгээлде уюштуруп, окуучулар үчүн бардык зарыл шарттарды камсыздадык.  Чүй айыл өкмөтүнүн башчысы Медетов Калыс Самудиновичке жана жалпы жамаатына көрсөтүлгөн материалдык колдоосу үчүн ыраазычылык билдиребиз, — дейт мектеп директору Венера
Касмалиева.

ҮМҮТ АРТТЫРГАН ДҮЙНӨЛҮК СЫНАК

Белгилей кетсек, PISA (Programme for International Student Assessment, PISA) окуучулардын билим жетишкендиктерин баалоонун эл аралык программасы болуп саналат. Тестке дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндөгү 15 жаштагы окуучулар катышат. PISA окуучулардын функционалдык сабаттуулугун, мектепте алган билимин практикада колдонуу жөндөмдүүлүгүн жана балдардын коомдо өз алдынча жашоого даярдыгын баалайт. Башкача айтканда, жалпы билим орто билим алган окуучу коомго толук кандуу аралашып кетүүсүнө же болбосо, өз ордун табууга керектүү болгон көндүмү жана билими бар же жок экенин баалоону көздөйт.  PISA  изилдөөсү мониторинг жүргүзүүчү болуп эсептелет. Ал ар бир мамлекеттин билим берүү системасындагы өзгөрүүлөрдү аныктап, билим берүү жетишкендиктерин же кемчиликтерин салыштырып, тиешелүү тыянак чыгарууга мүмкүндүк берет. Билим берүү системасындагы стратегиялык чечимдердин натыйжалуулугун баалайт, билим берүү саясатынын максаттарын аныктоого көмөктөшөт.

А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»

 

Бөлүшүү

Комментарийлер