“КЫРГЫЗ ЖАЗУУЧУЛАРЫ ЖАНА ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ”

  • 12.12.2022
  • 0

“КЫРГЫЗ ЖАЗУУЧУЛАРЫ ЖАНА ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ”

Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө жана адабият күнүнө карата Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту тарабынан чыгарылган Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын жыйнактарынын (12 том кыргыз тилинде, 12 том орус тилинде) жана “Кыргыз жазуучуларынын чыгармачылык портреттери” аттуу орус жана англис тилинде жарык көргөн эмгектердин бет ачары болду.

Иш-чара “Кыргыз жазуучулары жана Чыңгыз Айтматов” деп аталган пикир алышуу менен коштолду. Академик А.Акматалиевдин жалпы редакторлугунун алдында жарык көргөн «Кыргыз жазуучуларынын чыгармачылык портреттери» аттуу эмгекте ХХ кылымдагы кыргыз адабиятынын өкүлдөрүнүн: С.Карачев, К.Тыныстанов, А.Токомбаев, А.Осмонов, Т.Сыдыкбеков, Ч.Айтматов баштаган Б.Сарногоев, Ж.Садыков, Т.Кожомбердиев, К.Акматов, К.Жусубалиев ж.б. жазуучулардын чыгармачылыгы жөнүндө адабий фактылык жана илимий маалыматтарды камтыган портреттик макалалар орус жана англис тилдеринде жарык көрдү. Китеп окуу куралы катары жогорку окуу жайларынын окутуучуларына, студенттерге, мектеп мугалимдерине жана жалпы эле окурмандарга арналат. Жарык көргөн эмгектер А.Акматалиевдин демилгеси, жетекчилиги астында демөөрчүлөрдүн жардамы менен басылды.

Ч.Айтматовдун чыгармаларынын жыйнагында анын алгачкы «Газетчи Дзюйо» аңгемесинен тартып, эң соңку романдарына чейинки бардык чыгармалары, ошондой эле мурда жарыяланбаган «Чоор жана жер», «Алтын жана кар» повесттери, «Уулу менен жолугушуу» аңгемесинин жарыяланбаган экинчи бөлүгү, 1951-жылдан берки публицистикалык макалалары, маектери толук камтылган. Аталган жыйнак «Турар» басмасынын жардамы менен жарык көрдү.

— Кыргыз элинин көркөм сөз казынасы өтө бай. Жазма, басма, китептик маданият өнүккөнгө чейин руханий азыктын негизги булагы катары элдик оозеки чыгармачылык кызмат кылып келген. Элибиздин оозеки чыгармачылыгындагы ыр, жомок уламыштарды, кенже эпосторду айтпаган күндө да, бир гана «Манас» эпосун изилдөө, улуттук жазма адабияттын поэзия, драматургия, көркөм проза сыяктуу адабий жанрлардын жаралышына поэтикалык кыртыш, тажрыйбалык таяныч, өз ишине өбөлгө болуучу көрөңгөлүү көрүнүштөр арбын. 19-кылымдын экинчи жарымы, 20-кылымдын башындагы жазгыч акындар Молдо Кылыч, Тоголок Молдо, Алдаш Молдо Ысак Шайбеков сыяктуу жазма адабияттын өкүлдөрүнүн чыгармачылыгы улуттук жазма маданияттын өзүнчө бир доору десек болот. Кыргыздын жаңы доору Октябрь революциясы, социалисттик коом деген саясий көрүнүштөр менен мезгилдеш жаралды. Ошол мезгилде Алматы, Ташкент шаарларында окуп, билим алган бир катар акын-жазуучуларыбыз адабият таануу илиминин пайдубалын түптөшкөн. Ошондон бери кыргыз адабияты өнүгүүнүн гана үстүндө келет, — дейт Абдылдажан Акматалиев.

Азыр дагы бул жаатта уучубуз кур эмес, чакан чыгармалардан баштап повесть, романдарга чейинки чыгармалардын жазылып жатканы бизди кубандырат деген КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев төмөндөгүлөргө токтолду:

— Ч.Айтматов элчи болуп Кыргызстанга көпкө чейин келбей калат. Бир күнү мекенине  келип, Салижан Жигитовдон «Адабият мейкиндигинде кандай жаңылыктар бар» десе, ал «Чыңгыз Төрөкулович, сиз эс алып жүрө бериңиз, сиздин артыңыз жымжырт» дептир. Салижан Жигитовдун ошол сөзү биздин көп жазуучулардын намысына тийген, көбүн ойготкон. Ал сөзү азыр да биздин жаш жазуучуларыбызга, акындарыбызга, маданият кызматкерлерибизге таасирин тийгизип, Айтматовго карап түздөнүп, жакшы эмгектерди жаратып жатышат. Муну биздин комиссияга түшкөн сунуштамалардан улам көрүп турам. Буюрса, уучубуз кур эмес, — дейт Каныбек Осмоналиев.

Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов Чыңгыз Айтматовдун негизги чыгармалары совет заманында жаралса да, ар бир чыгармасы бүгүнкүдөй маанилүү экендигин, жаш муунга залкар жазуучунун чыгармаларын окутуп, анын чыгармаларынын түпкү маңызын жеткирүүгө аракет кылуу зарылдыгын белгиледи.

Чолпон Кийизбаева, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер