КАРА-БАЛТАДА ОКУУЧУНУ ТЕПКЕН МУГАЛИМГЕ СӨГҮШ БЕРИЛДИ

  • 06.02.2020
  • 0

5-февралда Кара-Балта шаарындагы №2 орто мектептеги дене тарбия мугалиминин сабак учурунда эки окуучуну тепкен видеосу соцтармакка жарыяланган.

Окуяны териштирүү жана мугалимдин бул аракетине баа берүү үчүн Жайыл райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Талантбек Арыков Кара-Балтадагы №2 мектепте ата-энелердин катышуусунда бүгүн чогулуш өткөрдү.

“Биз мектеп жетекчилиги жана ата-энелер менен жыйын өткөрүп, сүйлөштүк. Мугалим өзүнүн жүрүм-туруму үчүн кечирим сурады, ата-энелер ага карата дооматтары жоктугун билдиришти”, — деди Талантбек Арыков.

Бирок Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы мугалимге педагогикалык этиканын нормаларын бузгандыгы үчүн сөгүш берилдигин билдирди.

Билим берүү жана илим министрлигинен басма сөз кызматы

Бөлүшүү

Комментарийлер