Уңгужол:ректорлор форуму

  • 17.12.2025
  • 0
Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде бүгүн, 17-декабрда Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу жөнүндө” Жарлыгынын алкагында жогорку окуу жайлардын ролу боюнча форум болуп өттү.
Уңгужол:ректорлор форуму
Форумга Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев, жогорку окуу жайлардын ректорлору жана илимий интеллигенциянын өкүлдөрү катышты.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев Уңгужолдун маани-маңызын мамлекеттин узак мөөнөттүү өнүгүүсүнүн негизги улуттук идеологиялык багыты катары белгилеп, анын башкы максаты – улуттук баалуулуктарды сактоо менен заманбап билим, илим жана инновацияга таянган атаандаштыкка жөндөмдүү муунду тарбиялоо экенин баса белгиледи.
Уңгужол:ректорлор форуму
Мамлекеттик катчы ошондой эле университеттерди улуттук идеяны ишке ашырууда активдүү болууга чакырып, бирдиктүү аракет кылууну сунуштап, жаштарга таалим-тарбия, билим жана улуттук баалуулуктарды жеткирүү үчүн конкреттүү демилгелерди ишке ашырууга чакырды.
Арслан Койчиев сөзүнүн жыйынтыгында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине базалык университет катары улуттук идеологияны жайылтууда жогорку окуу жайлардын ассоциациясынын ишин координациялоону, илимий-методикалык программаларды иштеп чыгууну, изилдөө платформаларын түзүүнү жана улуттук деңгээлдеги форумдарды, конференцияларды уюштуруу милдеттерин аткарууну тапшырды.
Бөлүшүү

Комментарийлер