ТУРИЗМ ТАРМАГЫН ӨНҮКТҮРҮҮГӨ БАГЫТТАЛГАН СЕМИНАР

  • 08.02.2024
  • 0

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде “Кыргызстандагы ички туризмдин бүгүнкү абалы” аталышында семинар болуп өттү.

ТУРИЗМ ТАРМАГЫН ӨНҮКТҮРҮҮГӨ БАГЫТТАЛГАН СЕМИНАР

Иш-чарага  окуу жайдын табият таануу жана география факультетинин студенттери катышып, конокто Швейцариянын Берн колдонмо илимдер университетинин бүтүрүүчүсү, Alay Too Tourism Advisory OCOO  компаниясынын консультанты, альпинист Марсел Жаун болду.

ТУРИЗМ ТАРМАГЫН ӨНҮКТҮРҮҮГӨ БАГЫТТАЛГАН СЕМИНАР

Жолугушууда Марсел Жаун катышуучуларга өлкөбүздүн ички туризми, анын  бүгүнкү күндөгү абалы, өсүү  деңгээли жөнүндө кеңири маалымат берип, туризмди өнүктүрүү үчүн биз кандай кадамдарды таштап, кандай иш – аракеттерди жасообуз керек деген маселени көтөрүп, өз кеп — кеңештери менен бөлүштү. Ошондой эле туризм тармагын өнүктүрүүгө багытталган алгачкы кадамдар, мүмкүнчүлүктөр жана аларга тоскоол болгон бир канча көйгөйлөр жөнүндө талкуу жүрдү.

ТУРИЗМ ТАРМАГЫН ӨНҮКТҮРҮҮГӨ БАГЫТТАЛГАН СЕМИНАР

Белгилей кетсек, семинар аталган факультеттин география адистигинде окуган студенттерге сырттан келген туристтерди кабыл алууда, Кыргызстандын кооз аймактарын чет өлкөлүк жарандарга таанытууда жана  туристтерге  кызмат көрсөтүүдө  жана өлкөнүн  туризм тармагын өнүктүрүүгө өбөлгө түзүүсүн камсыз кылуу максатында уюштурулган.

Бөлүшүү

Комментарийлер