ТОКСОНГО ТАЯГАН АКСАКАЛ МЕКТЕПКЕ КОЛ СУНАТ
- 10.02.2026
- 0
Ош облусунун Кара-Суу районунан келген Камалдин Алымкулов мектептеги дене тарбия сабагында көнүгүү жасоочу каражаттар: гантель, турник, обручь, скакалка жана башка керектүү каражаттарды жасап берүү сунушу менен агартуу министри Догдуркүл Кендирбаевага кайрылды. Аксакалдын айтымында, эгерде бул каражаттарды колдонуу мектеп программасына киргизилсе, канча көлөмдө болсо дагы жасап берүүгө даяр. Ал Бишкектеги №3 лицейдин ийгиликтүү бүтүрүүчүсү.

Камалдин Алымкулов Ош облусунун Кара-Суу районундагы Учар айылында төрөлүп-өскөн. Төртүнчү класска чейин Учар айылында окуп, кийин Жапалак айылындагы жети жылдык мектепте улантып, онунчу классты Ош шаарындагы мурдагы облустук мектептен аяктаган.
- 1957-жылы мектепти аяктадым. Бизде 10-класстан төрт класс болсо, анын ичинен эки гана окуучу артыкчылык менен аяктаган. Анын бири мен болдум. Тилекке каршы, үй-бүлөлүк каражаттын жетишсиздигинен карыган апам менен бөбөктөрүмдү карайм деп экзамендерге баруудан баш тартып, Ош шаарындагы Жибек комбинатына жумушка кирдим. Башында жөн гана үйрөнчүк болсом, бат эле станокту өздөштүрүп, өз алдымча иштей баштадым. Аракетимди көрүп, көп өтпөй Комсомолдук бригадага өткөрүштү. Ал жакта биздин айлык 1400–1500 сом болсо, башкалар 800–900 сом алышчу, — деп ал күндөрүн эскерди Камалдин ата.

Ошентип, ал талыкпаган эмгегинин аркасында 11 ай иштеп, апасына 18 баш мал топтоп берген соң гана Бишкекке келип, №3 кесиптик лицейдин «металл иштетүүчү станокторду оңдоочу слесарь» адистигине тапшырган. Окуу учурунда студенттер Ленин заводунда иштөөгө даярдалган. Бирок жаш жигиттин башкы максаты апасын үйлүү кылуу болгондуктан, Ошко кетүүгө багыттама алып, ал жактагы Насос заводунда слесардык алгачкы эмгек жолун башталат.
- Ар кандай каражаттарды, верстак, полка, стеллаждарды жана атайын инструменттерди өз колум менен жасадым. Айрым станоктор бузулуп калганда, башкалар аларды оңдой албай жатышканда мен жасап коер элем. Ошондон кийин башкы механик мага ишенип, бардык станокторду көзөмөлдөөнү тапшырды. Мен болгону 21 жашта элем. Ошентип техникум бүтүргөн, тажрыйбалуу кызматкерлердин бригадири болуп калдым, — дейт.

Камалдин Алымкуловдун айтымында, эки жыл иштегенден кийин тилеги орундалып, апасы менен бир туугандарына Учар айылынан эки бөлмөлүү үй салып берген. Андан соң Ташкенттеги Борбордук жогорку окуу жайынын “технология машиностроения металических станков” адистиги боюнча окууга тапшырган. Бирок үчүнчү курста армияга чакырылып, ал жакта үч жыл кызмат өтөгөн. Ошентип армиядан келгенден кийин бир жыл тыныгуу алып, экинчи курска отуруп, тогуз жылдан кийин дипломго ээ болгон. Дароо эле борбордогу заводдордун бирине конструктор катары жумушка алынган. Көп өтпөй жаш адис үч этаптан турган конкурстан өтүп, башкы инженерлик кызматка көтөрүлөт. Кийин апасынын суранычы менен кайрадан Ошко келип, ар кандай заводдордо механик, башкы механик, башкы инженердин орун басары болуп иштеп, эски технологияларды автоматташтыруу жана механизациялоо иштерин жүргүзгөн. Илимдер академиясында иштеген.
Кийин 1991-жылы республикада акционердик коомдор түзүлө баштаган мезгилде эксперименталдык чыгармачыл чакан ишкана уюштурган. Бул ишкананын директору жана негизги иштеп чыгуучусу (разработчик) катары иш алып барган. Кол алдында ширетүүчү, слесарь, бухгалтер жана башка адистер иштеп, биргеликте өзү ойлоп тапкан техникалык жабдууларды, станокторду жана технологиялык чечимдерди ишке ашырып келген.
Бул арада ишканада жаңы технологияларды иштеп чыгуу, аларды сыноодон өткөрүү жана өндүрүшкө киргизүү боюнча системалуу иштер жүргүзүлдү. Натыйжада, Кыргыз Республикасынын Курулуш министрлиги менен түз келишимдерге жетишип, бир катар инновациялык долбоорлорду ишке ашырууга мүмкүнчүлүк алат. Бишкек шаарында дагы бир чакан ишкана ачып, аны өз уруусунун атынан «Жапалак» деп атаган.
- «Жапалак» ишканасы менин көрсөтмөм жана түздөн-түз жетекчилигим алдында министрлик жана ири механикалык заводдор менен биргеликте иш алып барды. Кызматташтык төрт тараптуу келишимдин негизинде жүргүзүлдү: министрлик – координатор, мен – иштеп чыгуучу, «Монолит» механикалык заводу жана Канттагы механикалык завод – даярдоочу. Бардык продукциялар жана жабдуулар менин техникалык чиймелеримдин, сунуштарымдын жана автордук иштелмелеримдин негизинде даярдалды. Ар бир иштелме адегенде илимий-техникалык кеңештин кароосуна коюлуп, экономикалык натыйжалуулугу, өндүрүштүк мүмкүнчүлүгү жана практикалык пайдасы кеңири талкууланчу. Пайдалуу жана келечектүү деп табылган долбоорлор гана өндүрүшкө киргизилип, андан соң республика боюнча жайылтылып турду.Келишимдин негизинде өндүрүштөн түшкөн пайданын 50 пайызы заводдорго, 50 пайызы мага берилчү. Ал эми ошол кирешенин 10 пайызы министрликке милдеттүү түрдө өткөрүлүп турду. Бул система өндүрүштү өнүктүрүүгө, жаңы технологияларды киргизүүгө жана илимий-техникалык изилдөөлөрдү улантууга чоң шарт түздү.

Өз ишмердүүлүгүнүн жүрүшүндө ар түрдүү багыттагы станокторду, техникалык жабдууларды жана өндүрүш технологияларын иштеп чыккан. Атап айтканда, эки станокко автордук күбөлүк алган. Ал сунуштаган технологиялар мурдагы заводдук эски ыкмаларга салыштырмалуу кыйла үнөмдүү болгону менен өзгөчөлөнгөн.
1992-жылы15 ишкана катышкан «Вяжущий на гипсовой основе» аталышындагы республикалык илимий-техникалык конкурсунда экинчи орунду ээлеп, инновациялык иштелмеси жогорку баага татыган.
Бүгүнкү күнү “Даанышман ак сакалдар ордосу” республикалык коомдун төрагасынын кеңешчиси, сегиз жылдан бери “Жапалак” акчакалдар коомунун мүчөсү. Ошондой эле “Ш.Назаркулов” эл аралык кайрымдуулук коому менен кызматташат. “Мен өмүр бою айлыкка иштеген адаммын” деген Камалдин Алымкулов бүгүнкү күнү да элиме жардамым тийсе деген ураан менен жашайт. Анын жүздөн ашуун шакирттери учурда алдыңкы адистердин катарында. Коомдук иштерге активдүү катышып, жаш муундун ден соолугун чыңдоого, сергек жашоо образын жайылтууга өзгөчө көңүл бурууда. Айрыкча, балдар жана өспүрүмдөр үчүн заманбап спорт залдарды куруу, башталгыч класстардан тартып дене тарбия жана спорт менен системалуу машыгууга шарт түзүү боюнча сунуштарды берип, бул багытта долбоорлорду ишке ашырууну максат кылып келет.
Камалдин Алымкулов — үч уул, эки кыздын атасы. Балдарынын баары жогорку билимдүү, заман талабына ылайык тарбия алып, өз жолун тапкан инсандар. Эки уулу түрк лицейин ийгиликтүү аякташкан. Бир уулу Стамбул шаарында магистратура, экинчиси Измир шаарындагы университетти бүтүрүп, учурда өз кесиби боюнча эмгектенип жүрөт.
Кыздары да жогорку билимге ээ болуп, коомго пайдалуу адистер катары иш алып барышууда. Бүгүнкү күндө Камалдин Алымкуловдун балдарынын бардыгы өз кесиптеринин ээси болуп, эмгек жолу менен ата-энесинин үмүтүн актап, өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошуп келишет.
Айгерим Токтобаева, “Кут Билим”



Комментарийлер