Тажрыйбалуу мугалимдер жана кызыктуу сабактар. БПМИ студенттери «Маарифте» педпрактикада

  • 23.01.2026
  • 0

Таштан Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык институнунун 3-курсунун студенттери 20-январдан бери «Маариф» билим берүү комплексинде педагогикалык практикадан бекитилген графикке ылайык ийгиликтүү өтүүдө. Айтмакчы, БМПИнин бир нече бүтүрүүчүсү «Маарифте» алдыңкы мугалим болуп эмгектенип жатканы педпрактикага барган студенттер үчүн өзүнчө бир мотивация болуп берди. 

Тажрыйбалуу мугалимдер жана кызыктуу сабактар. БПМИ студенттери "Маарифте" педпрактикада

Аталган эки  окуу  мекемесинин ортосундагы кызматташтык студенттер үчүн да, практика жетекчилери жана менторлор үчүн да абдан пайдалуу болуп жаткандыгы кубандырат. Сабактарга катышуунун атайын графиги 20.01.2026- 23.01.2026 күндөрүнө түзүлүп, сабактар окутуу кыргыз жана орус  тилдеринде жүргүзүлгөн башталгыч класстарда өткөрүлдү. Башталгыч класстарда Математика,  Кыргыз тили, Адабий окуу, Орус тили, Окуу, Мен жана дүйнө, Көркөм өнөр, Музыка сабактарынан «Маариф» билим берүү комплексинин тажрыйбалуу мугалимдери кызыктуу сабактарды өткөрүп беришти. Жагымдуу атмосфера, кызыктуу оюндар, жаӊы усулдук ыкмалар колдонулган сабактардан студенттер билим берүүдөгү жаӊычыл ыкмаларды ала алышты.

Тажрыйбалуу мугалимдер жана кызыктуу сабактар. БПМИ студенттери "Маарифте" педпрактикада

20-январда математика сабагын 4-класста мугалимдер Г.Т. Жээнтаева, Н.Т. Усубалиева,  21-январда орус тили/кыргыз тили сабактарын мугалимдер К.А. Сулайманова, А.Б. Бообекова, 22-январда адабий окуу/окуу  сабактарын Д.Т. Жангелдиева, Н.В. Тимохина,  23-январда «Мен жана дүйнө» сабагын мугалимдер М.А. Болотова, Э.С. Токтомамбетова, 24-январда көркөм өнөр сабагын Д.П. Батырканова, А.Н. Айтбаева, ушул эле күнү музыка сабагын В.В. Шаргунова, З.Н. Касымова жогорку деӊгээлде өткөрүп беришти.

Д.Б. Жумабаева жана институттун окутуучу-менторлору А.Т. Мамбетова, А.Р. Кошокбаева, Ж.Д. Кошоева, Ж.Т. Султанова, Э.А. Супатаева, Р. Умурбекова  студенттердин сабакка катышуусун камсыз кыла алышты. Сабакта тажрыйбалуу мугалимдердин интерактивдүү досканы колдонуу менен оюн технологиясын жана  дидактикалык материалдарды (Мисалы: «Светофор оюну», «Аралаш түгөй», «Нейрогимнастика» «Тарсия оюну») пайдалана билүүсү студенттердин кызыгуусун арттырды. Сабактын аягында окуучулардын билимин улуттук стилдеги (комуз жана боз үй)  стикердин жардамы  менен  бирден жетиге чейин упай  берип баалоо абдан жакшы натыйжа берерин көрсөттү.

Окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн 1-класста мугалим Д.Т. Жангелдиева өткөргөн сабак жагымдуу маанай менен башталды. Класстагы жагымдуу атмосфера,  текст менен иштөөдө сөздөрдү муунга туура ажыратып окуу, сабакта колдонулган оюндар: «Эсиӊе сакта», «Арт терапия» жана «Эс алуу» мүнөтүнүн музыка менен коштолгону, сабакты өздөштүрүүнүн баалоосу, балдар үчүн мотивация түзө алгандыгы студенттер үчүн кызыктуу болду.

Тажрыйбалуу мугалимдер жана кызыктуу сабактар. БПМИ студенттери "Маарифте" педпрактикада

Баарынан кубанычтуу маалымат — институттун бүтүрүүчүлөрү З. Маратбекова, Э. Алыбекова, Н. Усубалиева, Барыктабас к. М., А. Бообекова, Н. Кабылова, С. Дандиева  «Маариф» билим берүү комплексинде жаш муундарды окутуп эмгектенип жатышканы сабакка катышкан студенттерди шыктандырса, окутуучуларды сыймыктануу сезимине бөлөдү. Окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн 1-класста  мугалим Н. Усубалиева (ассистент А. Калчабаева) математика сабагын өткөрдү. Окуучулар маселелерди оозеки жана жазуу формасында интерактивдүү доскада  иштешти. Сабактын ортосунда музыкалык тыныгуу өткөрүлдү. Мугалим сабакта окуучулар менен сылык, ошол эле учурда камкор мамиледе баарлашты. Н.Т. Усубалиеванын педагогикалык чеберчилиги биздин студенттерди кесибин сүйүүгө шыктандырды десек болот.

Ал эми мугалим А. Бообекованын 3-класста кыргыз тилинен «Сан жана зат атоочтордон түзүлгөн сөз айкашы» аттуу темада өтүлгөн сабагы өзгөчө кызыгууну жаратты. Сабакта салттуу ыкмалар менен заманбап санариптик технологиянын айкалышында өттү. Окуучулар  алгач ар ким өз алдынча, анан жубу менен, андан кийин  топторго бөлүнүп,  тапшырмаларды аткарышты. Сабакта колдонулган Wordwall, «Сурамжыла», «Колду чап», «Чачылган сүйлөмдөрдү кураштыргыла» көнүгүү-оюндары окуучулардын сабакка болгон кызыгууларын арттырды. Мугалимдин окуучуларды шыктандырганы жана адабий тилде таза сүйлөөгө чакырганы өз кесибин мыкты билгенинен кабар берип турат.  Биздин бүтүрүүчүлөрдүн кызыктуу сабактарына күбө болуп, сыймыктануу менен иштерине ийгилик кааладык.

Тажрыйбалуу мугалимдер жана кызыктуу сабактар. БПМИ студенттери "Маарифте" педпрактикада

Институттун менторлоруна  жана студенттер жамаатына  педагогикалык практиканы өткөрүүнү уюштуруп  шарт түзүп берген  «Маариф» билим берүү комплексинин жетекчиси Мехмет Черчикаяга, башталгыч мектептерде академиялык бөлүм боюнча директордун орун басары З.Ю. Джолдошевага, «Маариф» билим берүү комплексинин мугалимдер жамаатына жана Т. Эрматов атындагы БМПИнин директору У.Э. Мамбетакуновго, практика жетекчиси Д.Б. Жумабаевага тереӊ ыраазычылык билдиребиз! Билим берүү мекемелеринин кызматташтыгы мындан ары да улана беришин каалайбыз.

Султанова Жыргал, Т. Эрматов атындагы БМПИнин эне тили жана адабияты ПЦКнын жетекчиси 

Бөлүшүү

Комментарийлер