«ТАРБИЯЛЫК АЙЛЫКТАР» ЖАҢЫ ДОЛБООРУ

  • 22.03.2022
  • 0

Мектептерде тигил же бул сабактарга, предметтерге арналган айлыктар бар. Биз эмне үчүн тарбиялык айлыктарды уюштурбайбыз? Кыргыз мектебине «Тарбиялык айлыктар» аттуу жаңы долбоорду сунуштаймын.

Сентябрь — саламдашуу айлыгы

Окуу жылынын башында окуучуларга саламдашуу адебин үйрөтөбүз.

Октябрь — үлгүлүү жүрүш-туруш айлыгы

Бул айда окуучуларды сылык, жөнөкөй, адептүү болууга үндөйбүз.

Ноябрь — коопсуздук айлыгы

Окуучулардын өмүрү биз үчүн кымбат. Жолдо жүрүү эрежелерин,  өзгөчө кырдаалдар учурундагы коргонуунун жолдорун үйрөтөбүз.
Өрттөн сактанууну куйма кулак кылабыз.

Декабрь — ден соолук айлыгы

Бул айда окуучулардын катышуусунда ден соолук акцияларын уюштурабыз. Дарыгерлерди мектепке чакырып, алардын кеп-кеңешин угабыз. Ден соолук сабактарын өтөбүз.

Январь — маданияттуулук айлыгы

Жаңы жылды бийик маданият менен баштайбыз.Окуучуларга мамиле маданиятын,сүйлөө адебин жана кийинүү маданиятын үйрөтөбүз.

Февраль — достук айлыгы

Бул айда достукка, биримдикке, ынтымакка басым жасайбыз. Окуучулар жаш кезинен бири-бирине дос, өнөктөш, санаалаш, максатташ болуп өсүшсүн.

Март- ата-энелер айлыгы

Ата-энелер менен кызматташууну жакшыртсак, мектептеги билимдин жана тарбиянын сапаты жогорулайт.

Апрель — китеп окуу айлыгы

Окуучулардын арасында «Ким көп китеп окуйт?» кароо-сынагын уюштурабыз. «Үй-бүлөлүк китеп окуу» акциясын өткөрөбүз.

Май — кесип тандоо айлыгы

Ар бир кесиптин ардактуу экендиги боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз. Мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн кесипке багыт берүү кечелерин уюштурабыз.

Тайир АШИРБАЙ, Лейлек районунун Ак-Суу айылындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин мугалими, Эл аралык «Адабий Азия» конкурсунун жеңүүчүсү

Бөлүшүү

Комментарийлер