ТАНДОО БАЙКООЧУЛАРДЫН ТЫКЫР КӨЗӨМӨЛҮНДӨ ӨТТҮ

  • 15.08.2022
  • 0

Жалал-Абад, Баткен жана Ош облусунда директорлорду тандоо боюнча компьютердик тестирлөөнүн жыйынтыгы айкын болду. Тандоо онлайн түрүндө түз эфирден көрсөтүлүп, коомчулуктун көзөмөлүндө жүрдү.

Жалал-Абадда 220 талапкерден 61 талапкер, Ошто 88, Баткенде 60 талапкер компьютердик тестирлөөнү ийгиликтүү тапшырды. Эми ар бирине өз-өзүнчө кайрыла кетсек.
Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жыйындар залында, окуу залында жана аудиториясында болуп өткөн Жалал-Абад облусунун мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына компьютердик тестирлөө жогорку деңгээлде уюштурулду. Уюштуруучулардын айтымында сынакка 314 талапкер документ жиберип, анын 94ү документтерин толук тапшырбагандыктан экинчи этапка өткөн жок.
Ал эми Баткен облусу боюнча 98 ваканттык орун бар болчу. Тестирлөөгө мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына 147 талапкер катышты. Ошондой эле тестирлөөгө катталган 2 талапкер сынакка келген жок.
Тандоодо босого баллдан 60 адам өтүп, 87си керектүү упайды топтой албады.
Тестирлөөдө бир талапкер 74% менен эң жогорку көрсөткүчкө ээ болду.
Ошто сынакка документтерин 541 жаран тапшырган. Сынактын биринчи этабында 169 талапкер документтеринин толук эмес пакетин тапшырып, натыйжада экинчи этапка өтпөй калган.
Тестирлөөгө кирүүгө 372 талапкер укук алып, 13 катышуучу келбей калгандыктан, 359 жаран тест тапшырды.
Жыйынтыгында 88 талапкер босого жана андан жогору балл алган, бул катышуучулардын 25% түздү.
Эскерте кетсек, Президенттин Жарлыгына ылайык директорлорду тандоо сынагы Баткенде, Жалал-Абадда 11-августта, Ошто 13-августта уюштурулду.

А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер