ТАЛАСТАГЫ “МАНАС ОРДО” КОМПЛЕКСИНЕ ЖАҢЫ ДИРЕКТОР ДАЙЫНДАЛДЫ
- 12.12.2024
- 0
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тескемесине ылайык, Камил Мамадалиев Талас облусундагы Кыргыз улуттук «Манас Ордо» комплексине башкы директор болуп дайындалды.
Маалыматка ылайык, жаңы жетекчини жамаатка Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Гүлбара Абдыкалыкова тааныштырды.
Камил Мамадалиев 1981-жылы 15-сентябрында Талас облусунун Талас районуна караштуу Хан-Бүргө айылында туулган. Ал 2001–2002-жылдары Талас шаардык маданият бөлүмүндө усулчу, 2002-2003-жж. Талас шаардык билим борборунда “Манас таануу” боюнча жетекчи, 2006-2009-жж. “Жерүй” алтын кенинде кызматкер, 2011–2023-жж. Кыргыз улуттук «Манас Ордо» комплексинде китепканачы, улук илимий кызматкер, 2023-2024-жж. Кыргыз улуттук «Манас Ордо» комплексинде жайгашкан “Манас эпосу” музейинин директору болуп эмгектенип келди. К.Мамадалиев “Маданияттын мыкты кызматкери”, Талас облусунун ардактуу атуулу.
Камил Мамадалиевдин адамгерчилиги өтө бийик. Чынында эле жетекчиликке дайындоодо анын компеттенттүүлүгүнөн мурда адамгерчилик сапаты каралышы керек. Менимче, Өкмөт башчы аны Кыргыз улуттук «Манас Ордо» комплексине башкы директор кылып дайындаганы дагы бекер эместир.
Камил, кызмат ордуңуз кут болсун!
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер