Таласта олимпиаданын облустук туру жыйынтыкталды

  • 02.03.2026
  • 0

Талас облусунда жалпы билим берүү уюмдарынын окуучулары арасында өткөн республикалык олимпиаданын облустук туру ийгиликтүү жыйынтыкталды. Бул этапка облус боюнча жалпысынан 120 окуучу катышып, өз билим деңгээлин сынап көрүштү.

Таласта олимпиаданын облустук туру жыйынтыкталды
Катышуучулар Талас шаарынан жана районунан, Бакай-Ата, Айтматов, Манас райондорунан, ошондой эле “Сапат” эл аралык билим берүү лицейлеринен жана облустук жатак-мектебинен болушту.
Жыйынтыгында:
1-орун – 17 окуучу
2-орун – 19 окуучу
3-орун – 18 окуучу
Жалпы 54 окуучу байгелүү орундарга ээ болуп, анын ичинен 36 окуучу (1-2-орун ээлери) республикалык олимпиаданын IV этабына катышууга жолдомо алышты.
Республикалык этапка райондор боюнча:

Таласта олимпиаданын облустук туру жыйынтыкталды
Талас шаар/району (Сапат лицейлери менен) – 21 окуучу
Бакай-Ата району – 3 окуучу
Айтматов району – 7 окуучу
Манас району – 5 окуучу
Бул көрсөткүчтөр облус аймагында билим сапатынын жогорулап жатканын жана окуучулардын билимге болгон кызыгуусу артып жатканын далилдейт.
Жеңүүчүлөрдү жана аларды даярдаган мугалимдерди чын жүрөктөн куттуктайбыз! Республикалык турда жогорку ийгиликтерди каалайбыз.

Бөлүшүү

Комментарийлер