ТАЛАС: ТАРЫХЧЫ МУГАЛИМДЕР МУЗЕЙДЕГИ ЭТНОГРАФИЯЛЫК БААЛУУЛУКТАР МЕНЕН ТААНЫШТЫ

  • 17.03.2026
  • 0

Талас мамлекеттик университетинин К.Кенешбеков атындагы тарыхый-этнографиялык музейине Талас облусунун 29 тарыхчы мугалимдери (ТалМУнун бүтүрүүчүлөрү да бар)  таанышуучу экскурсияга барышты. Көрүүчүлөрдү Талас облусунун билим берүү бөлүмүнүн башчысы С.Бейшенова  жетектеп барды.

ТАЛАС: ТАРЫХЧЫ МУГАЛИМДЕР МУЗЕЙДЕГИ ЭТНОГРАФИЯЛЫК БААЛУУЛУКТАР МЕНЕН ТААНЫШТЫ

Маалыматка таянсак, коноктор музейдеги тарыхый жана этнографиялык баалуулуктар менен таанышып, Талас аймагынын тарыхын чагылдырган экспонаттар тууралуу кеңири маалымат алышты. Мындай жолугушуулар билим берүү тармагындагы адистердин тарыхый мурастарга болгон кызыгуусун арттырып, жаш муунга улуттук баалуулуктарды жеткирүүгө өбөлгө түзөт.

ТАЛАС: ТАРЫХЧЫ МУГАЛИМДЕР МУЗЕЙДЕГИ ЭТНОГРАФИЯЛЫК БААЛУУЛУКТАР МЕНЕН ТААНЫШТЫ

— Музейди көзөмөлдөөчү, т.и.к, доцент Моймол Жусупова тааныштырды. Жыйынтыгында гуманитардык-юридикалык институтунун Д.Казакбаев атындагы илимий китепкана менен тааныштырып, тегерек стол уюштурдук. Уңгужол доктринасынын маани-мазмуну, Кыргызстан тарыхындагы, анын ичиндеги Атлах салгылашуусу, тарыхый инсандар, 1269-жылдагы Талас суусунун жээгиндеги курултай, тарыхый эстеликтер жана сабак өтүүнүн жаны ыкмалары  жөнүндө кеңири пикир алмашуу болду. Жаңы жарык көргөн тарыхый китептер менен тааныштык. Буюрса окуу жай менен орто мектептин тарыхчылары алдыга чоң максаттарды койдук, — дейт С.Бейшенова.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер