«ЗАМАНБАП РЕСУРС». «ТАБИГЫЙ ИЛИМДЕР» ОКУУ КИТЕБИНИН АЛТЫ КАСИЕТИ
- 16.10.2025
- 0
Окутуу кыргыз жана орус тилдеринде жүргүзүлгөн жалпы билим берүү уюмдарынын 1-класстары үчүн жаңы муундагы “Табигый илимдер – Мен жана дүйнө” (“Естественные науки – Я и мир”) окуу-методикалык комплекси жарык көрүп, мектептерге таратылууда.

Бул окуу китеби 1-класстын окуучуларына табигый илимдердин негизги түшүнүктөрүн, жаратылыш кубулуштарын жана илимий процесстердин көндүмдөрүн калыптандырууга багытталган. Китеп жаратылыштагы кубулуштарды баланын жашоо тажрыйбасы менен байланышта түшүндүрүп, анын илимге болгон кызыгуусун ойготот.
Китептин редактору Гүлнара Жамангулова жаңы ОМКнын алты артыкчылыгын белгилейт. Биринчиден, табигый илимдер боюнча интеграцияланган мазмунга ээ: анда биология, физика жана химия илимдеринин темалары бири-бири менен өз ара байланышта, бирдиктүү мазмунда берилген. Ар бир бөлүмдө бул предметтердин ортосундагы байланыш ачылып, окуучулар жаратылышты комплекстүү түшүнүүгө үйрөнүшөт. Мисалы, биологиядагы «Сезүү органдары (угуу)» деген теманы физикада «Үн» деген тема улантып кетет.
Экинчиден, илимий процесстердин көндүмдөрүн өнүктүрүү жакшы иштелип чыккан. Ар бир бөлүмдө илимий процесстердин негизги элементтери системалуу камтылган: байкоо жүргүзүү, божомолдоо жана суроо берүү, маалыматты сүрөттөр, таблицалар аркылуу көрсөтүү, изилдөө жүргүзүү жана жыйынтык чыгаруу. Бул окуучуларды илимий ой жүгүртүүгө, далилдүү тыянак чыгарууга жана алардын изилдөөчүлүк көндүмдөрүн калыптандырууга, илимпоздор сыяктуу ойлонууга, далил менен иштөөгө үйрөтөт.
Мындан тышкары, 5Е илимий окутуунун моделине жана PISA компетенцияларына шайкеш келет. Китептин түзүлүшү илимий окутуунун 5Е моделине негизделип, ар бир тема (Engage – Explore – Explain – Elaborate – Evaluate) шыктандыруу-изилдөө-түшүнүү-кеңейтүү-баалоо этаптарын өз ичине камтыйт. Бул моделдин артыкчылыгы окуу процессин системалаштырууга жана окуучулардын активдүү катышуусун камсыз кылууга жардам берет.
Ар бир этап окуучулардын көңүлүн буруудан баштап, баалоого чейин, билим берүү процесси үчүн маанилүү жана ийгиликтүү натыйжаларга жетишүүгө өбөлгө түзөт. Бул модель окуучулардын активдүү жана биргелешип билим алуусуна мүмкүнчүлүк берүү менен маалыматты чакан, түшүнүктүү бөлүктөргө бөлүп, окуучулардын көңүлүн белгилүү бир нерсеге топтоосун жакшыртат. Микроокутуу убакытты үнөмдөп, окуучуларга ыңгайлуу темпте билим алууга шарт түзөт. Ошондой эле ой жүгүртүүнүн жогорку деңгээлдеги көндүмдөрүн өнүктүрөт.

Ошондой эле илимий түшүнүктөрдү жана принциптерди күнүмдүк турмуштагы, коомдук же экологиялык көйгөйлөр менен байланышта карап үйрөтөт б.а. контексттеги илим камтылган. Окуучу илимди жандуу, пайдалуу жана маанилүү нерсе катары кабыл алат.
Темалар окуучунун күнүмдүк жашоо тажрыйбасы менен тыгыз байланышта түзүлгөн. Мисалы: “Жандуулар жана жансыз нерселер” — айлана-чөйрөдөгү жандуу жана жансыз объектилерди айырмалоо; “Материалдар” — турмуштагы буюмдардын касиеттерин байкоо; “Үн” жана “Магнит” — физикалык кубулуштарды окуу аркылуу жаратылыштын мыйзам ченемдүүлүктөрүн түшүнөт. Бул окуучуларга турмуштук маселелерди илимий түшүнүк аркылуу чечүүгө үйрөтөт.
Ал эми бешинчиси — компетенцияларга жана баалуулуктарга багытталгандыгында. Маселен, китеп окуучунун илимий сабаттуулугун жана логикалык ой жүгүртүү көндүмдөрүн өнүктүрүү менен катар жоопкерчилик, коопсуздук, тыкандык, айлана-чөйрөнү коргоо жана кызматташуу сыяктуу баалуулуктарды да калыптандырат.
Мындан тышкары, “илимди өз ишинде пайдаланган адамдарды аныктоо” тапшырмалары аркылуу кесиптик багыт берүүчү элементтер да камтылган. Окуу китебинин алтынчы артыкчылыгы — визуалдык жана практикалык жактан жеткиликтүүлүктүүлүгү. Окуу китеби сүрөттөргө, схемаларга, таблицаларга, диаграммаларга ж.б. бай. Практикалык тапшырмалар жөнөкөй, кызыктуу жана окуучунун жаш өзгөчөлүгүнө ылайык берилген. Нускамалар так жана түшүнүктүү, жабдууларды коопсуз пайдалануу боюнча көрсөтмөлөр камтылган. Бул окуучунун өз алдынча иштөөсүнө жана изилдөө жүргүзүшүнө шарт түзөт.
— Жалпысынан окуу китеби мугалим менен окуучунун ортосундагы интерактивдүү баарлашууну күчөтүп, илимге болгон кызыгууну арттырат. 1-класстардын “Табигый илимдер” окуу китеби — баланын илимий дүйнө таанымын, байкоо жана логикалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө арналган заманбап, интеграцияланган жана компетенттүүлүккө негизделген ресурс. Ал Кыргызстандын жалпы билим берүү системасындагы жаңы мазмунду ишке ашыруунун жана STEAM билим берүүнүн башаты болуп саналат, — деп билдирди Гүлнара Жамангулова.

Аталган окуу-методикалык комплекс: окуу китеби, иш дептери жана методикалык колдонмодон туруп, окуучулардын теманы жакшы өздөштүрүүсүнө өбөлгө түзөт.
Кара-Балта шаарындагы №4 орто мектеби да бул китептер менен камсыз болду. Окуу жайдын директору Аида Саргалдаеванын айтымында, “Табигый илимдер (Мен жана дүйнө)” окуу китеби окуучулардын жөндөмдүүлүгүн, дүйнө таанымын өстүрүп, өз алдынча изденүүгө, өз оюн тартынбай, кенен айтып берүүсүн өнүктүрүп, багыт берет.
«1-2-класстардын окуучулары мугалимдердин көрсөтмөсү менен жандуу жаратылыш боюнча курт-кумурскаларды жана жансыз жаратылыш боюнча ташты, сууну изилдеп, байкоо жургүзүп, кызыктуу маалыматтарды чогулта алды. Биз китепти жаңы колубузга алып, окуучулар, ата-энелер менен бирдикте таанышып жатабыз. Китеп ичиндеги тапшырмаларды аткарып, иш жүзүнө көрүп, колдонуу жеңил болоруна көзүбүз жетип жатат. Биз, мугалимдер жай ичинде Сингапур методикасы боюнча тренингден өтүп, бул китепти кантип пайдалануу туурасында усулдук маалымаатыбыз бар болчу, ошондуктан бул бизге кыйынчылык туудурган жок. Ал эми окуу жылдын башында китеп жок болсо да, мугалимдер көрсөтмө куралдарды, дидактикалык материалдарды, “Ibilim” сайтындагы видео роликтерди колдонуп, колубузда болгон материалдар менен сабак өтүп жаттык, — дейт окуу жайдын директору.
Буга чейин маалымдагандай, быйыл Кыргызстандын мектептери 1, 2, 5, 7-класстар үчүн “Табигый илимдер – Мен жана дүйнө” (“Естественные науки – Я и мир”) окуу-методикалык комплекстери менен камсыздалууда. Алардын жалпы нускасы – 1 236 830.
Айгерим Токтобаева, “Кут БИЛИМ”
Комментарийлер