ТҮЙШҮГҮ ТҮМӨН КЛАСС ЖЕТЕКЧИ

  • 04.11.2020
  • 0

Өлкөдө класс жетекчилик институту тез арада реформалоого муктаж. Бир жагы класс жетекчиликке төлөнүүчү акчанын өлчөмү өтө аз болсо,  буга кошумча болочок класс жетекчилерди даярдоо, иштеп жаткандардын кесиптик чеберчилигин жогорулатуу маселелери да мезгил талабынан артта калууда.

ТҮЙШҮГҮ ТҮМӨН КЛАСС ЖЕТЕКЧИ

 

Сүрөттө: Кенжебаева Элмира, Аксы районундагы  Темиркул Үмөталиев атындагы № 35 орто жалпы билим берүүчү мектебинин 3-классынын класс жетекчиси

Рынок шартында ар бир адамдын аткарган жумушу  акча менен бааланышы керек. Ансыз болбойт! Бирок класс жетекчиликке төлөнүүчү акчанын өлчөмү эч бир логикага сыйбайт.

— Мектептеги эң оор түйшүк класс жетекчилерге таандык. Класс жетекчи —  окуучулардын экинчи ата-энеси. А бирок, классты башкарган мугалимге төлөнүүчү эмгек акынын аздыгы жүрөктү оорутат, — дейт Тайир Аширбай.

Класс жетекчилердин айтуусунда алар бир айлык тарбиялык иши үчүн төрт сааттын акчасын алышат экен.  Мектепте бир саатка орточо 117 сом төлөнсө, класс жетекчиге ушул сумма төрт эсе көбөйтүлүп берилет. Ошондо класс жетекчинин бир айлык маянасы — 468 сом!

ТҮЙШҮГҮ ТҮМӨН КЛАСС ЖЕТЕКЧИ

Сүрөттө: Сарыбаева Айгүл, Темиркул Үмөталиев атындагы №35 орто жалпы билим берүүчү мектебинин 2-классынын класс жетекчиси

Ошол эле учурда класс жетекчилерге жүктөлгөн милдеттердин көптүгүн айтпа!

Айрымдарын атап өтөлү:

класстагы окуучулардын сабакка катышуусун жана жетишүүсүн көзөмөлдөө; окуучулардын мектептеги жүрүм-турумуна, коопсуздугуна жоопкерчиликтүү болуу; ата-энелер менен кызматташуу; окуучуларды мектептик жана класстан тышкаркы иш-чараларга, коомдук пайдалуу эмгекке катыштыруу.

ТҮЙШҮГҮ ТҮМӨН КЛАСС ЖЕТЕКЧИ

Бул милдеттер мектепте класс жетекчи аткаруучу иштердин чекеси гана!

Республиканын мектептеринде класс жетекчилик иштин солгундап кетишине эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарындагы: “Билим берүү – мектептин иши, тарбия берүү – ата-эненин милдети” деген түшүнүк өзүнүн терс таасирин тийгизди. Буга албетте, жаңы шарттарда эмгектенген класс жетекчинин ишине жол көрсөтө алган окуу куралдарынын жоктугу кошумча болду.

— 1974-жылы «Мектеп» басмасынан Н.И.Болдыревдин «Класс жетекчи» аттуу китеби кыргыз тилинде чыккан эле. Азыр ушундай китептерди табуу кыйын,  — деген пикирин билдирет лейлектик чыгармачыл мугалим Тайир Аширбай.

Мектептерде эле эмес педагогикалык багыттагы адистерди даярдап жаткан ЖОЖдордо  да класс жетекчилик боюнча кыргыз тилинде жарык көргөн окуу китептери, методикалык колдонмолор жетишсиз.

-Бизде  кыргыз тилиндеги окуу китеби жарык көрө элек. Студенттер  «Тарбиялык иштерди уюштуруунун методикасы» деген курстан класс жетекчилик тууралуу маалымат алышат. Биринчи семестрдеги практикада мектеп документациясына байкоо жүргүзүп, класс жетекчинин иши менен таанышат. Жалпысынан түшүнүк бар, бирок студенттердин эне тилиндеги атайын окуу китептери жок, — дейт ЖАМУнун профессору, педагогика илимдеринин доктору Саипжамал Сакиева.

Педагог-илимпоздор мектепте класс жетекчилик иштин салттуу формасы басымдуулук кылганын белгилешет.

— Тажрыйба көрсөткөндөй, республикабызда класс жетекчинин аткарган иштеринин максаты, мазмуну, принциптери, каражаттары, түрлөрү жана методдору так жана ачык болбой, чыгармачыл күч менен ишин алып барган педагогдордун саны азаюуда. Бизде класс жетекчинин ишинин салттуу формасы басымдуулук кылат. Ошондуктан азыркы мектепте класс жетекчилик милдетти аткарган педагогдорго психологиялык, методикалык жана материалдык жактан жардам керек, — дейт Бишкек мамлекеттик университетинин педагогика кафедрасынын доценти Апал Качиева.

Мектеп жетекчилери болсо, төлөнүүчү акчанын аздыгынан, ошол эле учурда аткаруучу иштердин көптүгүнөн барган сайын класс жетекчилик милдетти алып барууну каалаган мугалимдердин азайгандан-азайып баратканын моюнга алышат.

— Баардык эле мугалимдер класс жетекчи болууну каалай  бербейт. Анын түйшүктүү экендиги баарыбызга эле белгилүү болсо керек. Көбүнчө окуучулар менен жакшы мамиле түзө билген, алар менен баарлаша алган, өз кесибин, балдарды сүйгөн мугалимдер гана мыкты  класс жетекчи болушат. Кээ бир мугалимдер окуучуларга талапты да туура коюшат, ошол эле учурда аларды түшүнө да билишет. Балдардын шоктугун,  кемчилигин кечире билген мугалимдер гана мыкты класс жетекчи болуу менен окуучулардын жүрөгүндө калышат,  — дейт Аксы районунан мектеп директору Узен Атаханов.

Анткен менен мугалимдердин арасында акчанын аздыгына, аткаруучу жумуштун көптүгүнө карабай класс жетекчилик иштен рахат алып, чыгармачылык менен изденип иштеп жаткандары да бар.

Мына ошондой ак жүрөк тарбиячылардын бири Калмира Түмөнбаева Сокулук районундагы Чыңгыз Айтматов атындагы Ново-Павловка мектеп-гимназиясында эмгектенет. Ал педагог катары 37 жыл эмгектенсе, анын 30 жылын класс жетекчилик ишке арналганын айтат.

— Мен 37 жыл өз сүйгөн кесибимде иштесем, анын отуз жылын класс жетекчилик менен өткөрдүм. Класс жетекчиликти мен окутуучулук ишимден  бөлүп карай албайм, себеби ал экөө куштун эки канатындай. Албетте, класс жетекчиликтин түйшүгү оор, сага ишенип берилген класс жамаатын тарбиялоо иши жеңил эмес, көйгөйлөр болбой койбойт, ошолорду чечем деп өзүң да педагог катары такшаласың,  — дейт Калмира Түмөнбаева.

Устат педагог учурдагы аралыктан билим берүүнүн айынан класс жетекчилик иште да  бир катар өзгөрүүлөр болуп жатканын белгилейт.

— Онлайн окутуунун жакшы жагы да бар экен. Учурда биз, класс жетекчилер, ата-энелер менен бирдикте балдарды чогуу окутуп, чогуу тарбиялап жатабыз. Көп учурда окуучуга ата-эненин мээрими,  камкордугу, жылуу сөзү, жандуу көздөрү жетпей жатканын байкайм. Түйшүктүү жашоонун айынан ата-эне баласын айдап-жылдап көрө албаган учурлар жок эмес, бул дагы окутуу-тарбиялоо ишине өз кедергисин тийгизүүдө, — дейт Калмира эжей.

(Бишкек шаарындагы №77 орто мектебинде класс жетекчилер мектеп администрациясына ушундай маалымат жөнөтүп турушат)

29.10, 10:23] 3-«в»класс: бир окуучу өзүнүн телефону менен, 34 окуучу ата-энесинин телефону менен окуйт, эки окуучуда телевизор жок.

[29.10, 10:23] Саламатсыздарбы! 11-«а» класс: жалпы 28 окуучу, бүгүнкү сабакка 25 окуучу катышты. Ооруган окуучулар жок.

[29.10, 10:23] 2-» б»класс. Класста жалпы 38 окуучу. Катышканы 37. Бир окуучу ооруп, сабакка катышкан жок.

[29.10, 10:23] 2- «в»класс. Сабакка 38 окуучу катышып жатат. Класс жетекчи: Эгембердиева Т.

[29.10, 10:23]  6-«б» классында 38 окуучу  бар. Бир окуучу кечээ күнү Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Чоң-Арык орто мектебине которулуп кетти.

А. Алибеков, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер