Түптүн Михайловка жана Кең-Суу айылдарында жаңы бала бакчалар ачылды

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Михайловка жана Кең-Суу айылдарында 100 орундуу бала бакчалар пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Мамкурулуш агенттиги билдирди.

Михайловка айылындагы бала бакчанын курулушу 2022-жылы республикалык бюджеттен каржыланып башталган. Куруу иштерин «Сириус Строй» ЖЧКсы аткарды. Имарат эки кабаттуу, 947 чарчы метрди түзөт.

Ал эми Кең-Суу айылындагы 100 орундуу бала бакчанын курулушу да 2023-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган. Курулуш иштери «Маэк Строй» ЖЧКсы тарабынан аткарылды. Объекттин жалпы аянты 946 чарчы метрди түзөт.

Бөлүшүү

Комментарийлер