СЫЙМЫККА ТАТЫКТУУ ИЙГИЛИК!

  • 17.03.2026
  • 0

 Лейлектеги №5 жалпы билим берүү мектебинин директору жана физика мугалими Жаныбек Шооруков окуучуларды предметтик олимпиаданын райондук жана облустук этаптарына жогорку деңгээлде даярдап, алардын билимге болгон кызыгуусун арттырууда жана ийгиликтүү жыйынтыктарды жаратууда кошкон зор салымы үчүн Лейлек райондук билим берүү бөлүмү тарабынан Ыраазычылык кат менен сыйланды.

СЫЙМЫККА ТАТЫКТУУ ИЙГИЛИК!

Бул сыйлык – талыкпас эмгектин, жогорку жоопкерчиликтин, терең билимдин жана мугалимдик кесипке болгон чексиз берилгендиктин жаркын жыйынтыгы. Окуучулардын ийгилиги – мугалимдин мээнетинин эң бийик баасы экендиги талашсыз.

Жаныбек агай окуучуларга билим гана бербестен, алардын келечекке болгон ишенимин арттырып, чоң максаттарды багындырууга дем берип келет. Агайдын эмгеги – жаш муундун жаркын келечегине кошулган баа жеткис салым.

— Сизге чың ден соолук, түгөнгүс чыгармачылык дем, ишиңизге жаңы бийиктиктерди жана окуучуларыңыз менен бирге дагы көптөгөн зор ийгиликтерди каалайбыз. Сиз тарбиялаган окуучулар илимдин бийик чокуларын багындырып, өлкөбүздүн сыймыгы боло берсин! Эмгегиңиз ар дайым бааланып, ийгиликтериңиз улам арта берсин! – дешет кесиптештери.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер