СЫЙЛЫК — ЖАЛКЫ, СЫЙМЫК — ЖАЛПЫ

  • 25.09.2023
  • 0

20-23-сентябрь күндөрү Казакстандын Түркстан шаарындагы Кожо Ахмед Яссави университетинде өткөн Түрк дүйнөсүнүн математиктеринин VII дүйнөлүк конгрессинде КР УИА мүчө-корреспонденти, ОшМУнун  профессору  Гүлбадан  Матиева  математика илимин өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн «Түрк дүйнө математиктер коомунун төш белгиси» менен  сыйланып, конгресстин лауреаты болду.

СЫЙЛЫК - ЖАЛКЫ, СЫЙМЫК - ЖАЛПЫ

Ахмед Ясауи университетинде өткөн  түрк дүйнөсү математиктеринин VII Дүйнөлүк конгрессине 20 өлкөдөн 500дөн ашуун  математик чогулуп, ОшМУдан билим берүүнүн сапаты жана лицензиялоо департаментинин директору Жылдыз Артыкова, илим жана инновация бөлүмүнүн башчысы Нуржамал Курбанбаева  ОшМУнун  ф.-м.и.д., профессору  Гүлбадан  Матиева баштаган делегация катышты.

СЫЙЛЫК - ЖАЛКЫ, СЫЙМЫК - ЖАЛПЫ

Конгресстин негизги максаты эл аралык байланыштарды жана илимпоздордун илимий кызматташтыгын кеңейтүү, математика илиминин өнүгүшүнө көмөктөшүү жана математика жана маалыматтык технологиялардын жетишкендиктерин илимий изилдөө, технология жана билим берүү тармагында колдонуу болуп саналат.

СЫЙЛЫК - ЖАЛКЫ, СЫЙМЫК - ЖАЛПЫ

Конгресстин катышуучулары коюлган милдеттерди ишке ашырууда математика илиминин ролун жогорулатууга өзгөчө көңүл буруп, орто жана жогорку мектептерде математиканы окутуунун жана компьютерлештирүүнүн заманбап көйгөйлөрүн талкуулашты.

Жыйынтыгында, Түрк дүйнөсүнүн математиктери көтөргөн актуалдуу маселелерди биргелешип чечүү үчүн илимий программаларды даярдоо пландалды.

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер