Сыйга татыган олимпиада чемпиондору
- 25.09.2024
- 0
Кечээ “Жогорку технологиялар паркы” уюму математика (IMO 2024), информатика (IOI 2024), физика (IPHO 2024), химия (ICHO 2024) жана биология (IBO 2024) предметтери боюнча эл аралык олимпиадада жеңген окуучуларды жана аларды даярдаган мугалимдерин сыйлады.
Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов окуучуларга жана алардын мугалимдерине сыйлык тапшырып, эл аралык олимпиадада Кыргызстан быйыл жемиштүү кайтканын, балдардын илимдин өнүгүшүнө кошкон салымын баса белгиледи.
Окуучуларды даярдаган Артём Беляев менен Кылычбек Урайымов “Кыргыз Республикасынын олимпиададагы ийгиликтери” аталышындагы баяндамаларын жасады.
2024-жылдын башынан бери кыргызстандык окуучулар математика, физика, химия, биология жана информатика боюнча эл аралык олимпиадаларда бир алтын, беш күмүш, алты коло медаль жана алты Ардак грамотага ээ болушкан.
“Жогорку технологиялар паркы” уюмунун жетекчиси Азис Абакиров олимпиада жеңүүчүлөрүнө жана тренерлерге сый акчаларды тапшырды.
ТАРЫХКА КӨЗ ЧАПТЫРСАК:
БИОЛОГИЯ ПРЕДМЕТИ
МАТЕМАТИКА ПРЕДМЕТИ
ИНФОРМАТИКА ПРЕДМЕТИ
ФИЗИКА ПРЕДМЕТИ
ХИМИЯ ПРЕДМЕТИ
Комментарийлер