Сузактагы бакчада балдардын сабалышы боюнча Билим берүү министрлиги чара көрөт
- 03.12.2024
- 0
Сузактагы бакчада балдардын сабалышы боюнча окуя териштирилет. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
2-декабрда соцтармактарда Сузак районунун Октябрь айылындагы №1 «Кенжетай» балдар бакчасында тарбиячылар балдарды сабап жаткан видео тараган. Бул боюнча Билим берүү министрлиги тиешелүү кызматкерлерге чара көрөрүн билдирди.
«Балдар бала бакчада жүргөн учурда алардын ден соолугу жана өмүрүнүн коопсуздугу үчүн ар бир кызматкер жоопкер. Балдарга зордук-зомбулук көрсөтүүгө жол берилбейт жана катуу тыюу салынат. Ошондуктан жогорку окуя тыкыр иликтенип, жооптуу кызматкердин баарына катуу чаралар көрүлөт», — деп министрлик тарабынан маалымдалды.
Ошондой эле аталган окуя Сузак РИИБинде катталып, бирок фактыны прокуратура текшерип жаткандыктан топтолгон материалдар Жалал-Абад облустук прокуратурасына жөнөтүлгөнү кабарланды.
Комментарийлер