БАЛА БАКЧАГА ВАУЧЕР: СУРОО-ЖООП
- 26.11.2025
- 0
Ваучердик программа боюнча бала бакчага баланы кабыл албай коюусу — мыйзамда каралганбы?
Саламатсыздарбы! Менин суроом төмөнкүчө.
Ваучердик программа боюнча бала бакчага комиссиядан өтүп, тизмеде көрсөтүлгөн жеке менчик бала бакчаны тандаганбыз. Бирок ал бала бакча баламды кабыл алуудан баш тартты. Алар “бизде өзгөчө балдар менен иштей турган адистер жок, ошондуктан атайын адистештирилген бала бакчага баргыла” деп жооп беришкен. Мындай чечим кабыл алууга алардын укугу барбы?
Агартуу министрлигинин расмий түшүндүрмөсү
Агартуу министрлигинин Мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын адистери төмөнкүлөрдү расмий түрдө түшүндүрдү.
- Ваучердик механизмдин укуктук негизи
2024-жылдын 18-ноябрындагы №693 токтомго ылайык, Кыргызстанда мектепке чейинки билим берүү кызматтарын каржылоонун ваучердик механизми ишке кирген.
Бул механизм:
- 1 жаштан 6 жашка чейинки балдарды камтыйт;
- мамлекеттик жана ведомстволук бала бакчаларды камтыбайт (алар пилотко кирбейт);
- ваучер алган балдар жеке менчик же үй тибиндеги бала бакчаларга бара алышат.
Башкача айтканда, жеке менчик бакча ваучер алууга катышууга макул болуп, тизме аркылуу тандоого кирген болсо — ал ваучер боюнча келген баланы кабыл алууга милдеттүү.
Ваучер алуучулардын категориялары
Ваучер төмөнкү категориядагы балдарга берилет:
- Көп балалуу үй-бүлөлөрдүн балдары (18 жашка чейинки 5 же андан көп баласы бар, асырап алынган балдар да эсепке алынат).
- Майыптыгы бар, бирок жеке ассистент кызматын албаган балдар.
- Ата-энеси I же II топтогу майыптыгы бар жана ошол майыптыгы боюнча ай сайын жөлөк пул алган үй-бүлөлөрдүн балдары.
- Жакыр үй-бүлөлөрдүн балдары.
- Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары.
- Баткен облусунун чек ара тилкелеринде, жетүүгө кыйын, бийик тоолуу же алыскы райондордо жашаган жакыр жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары.
Бала бакчанын “кабыл албай коюусунун” мыйзамдуулугу жөнүндө
Жеке менчик бала бакча ваучердик программага катышууга макул болуп, тизмеге кирген болсо – баланы негизсиз кабыл албай коюуга укугу жок.
Себеби:
- Ваучердик программа жеке менчик бакча менен мамлекет ортосундагы келишимдин негизинде иштейт.
- Бакча ваучер алууга катышып, тизмеге киргенде — бардык ваучер алуучу категориядагы балдарды кабыл алууга макул болгон болуп эсептелет.
- Бала өнүгүүсүнүн өзгөчөлүктөрү (мамлекет аны “майып балдар” деп да аныктайт) кабыл албоого себеп боло албайт, эгерде балага атайын медициналык каршы көрсөтмө жок болсо.
Эскертүү:
Эгер балага медициналык картада көрсөтүлгөн «адистештирилген мекемеге жөнөтүү» тууралуу расмий корутунду болсо — анда бакча кабыл албай коё алат.
Бирок бакчанын “бизде адис жок” деген жалпы сөзү негизсиз жана мыйзамдуу себеп эмес.
Сиз эмне кыла аласыз (укуктук жолдор)
Эгер бала бакча мыйзамсыз негизде кабыл албай жатса, төмөнкүлөрдү жасасаңыз болот:
- Жазуу жүзүндө түшүндүрмө талап кылуу.
“Баланы эмне себептен кабыл албай жаткандыгын, кайсы нормативдик актыга ылайык экендигин түшүндүрүп беришсин. - Агартуу министрлигинин Мектепке чейинки билим берүү башкармалыгына кайрылуу.
- Билим берүү боюнча жергиликтүү башкармалыкка (райБББ) арыз берүү.
- Балдардын укугун коргоо институттарына (Бала омбудсмени) кайрылуу.
Комментарийлер