STEM ЖАНА АНГЛИС ТИЛИ МУГАЛИМДЕРИ ҮЧҮН НЕГИЗГИ ТЕСТ СЫНАГЫ ОНЛАЙН ФОРМАТТА ӨТКӨРҮЛДҮ

  • 19.12.2025
  • 0

2025-жылдын 16–19-декабрь күндөрү STEM багытындагы жана англис тили предметтеринин мугалимдери үчүн онлайн форматта негизги тест сынагы өткөрүлдү.

Тестке математика, физика, химия, биология, география, информатика жана англис тили боюнча жалпы 24 914 мугалим катышты. Анын жыйынтыгында предметтер боюнча билим сапаты төмөнкүдөй болду: географиядан – 74,27 пайыз, биологиядан – 65,87 пайыз, химиядан – 74,2 пайыз, физикадан – 79,62 пайыз, математикадан – 74,62 пайыз, информатикадан – 77 пайыз, англис тилинен – 77,12 пайыз.

STEM ЖАНА АНГЛИС ТИЛИ МУГАЛИМДЕРИ ҮЧҮН НЕГИЗГИ ТЕСТ СЫНАГЫ ОНЛАЙН ФОРМАТТА ӨТКӨРҮЛДҮ

Тесттин жыйынтыктарынын негизинде мугалимдерди кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу боюнча Агартуу министрлиги атайын окутуу модулдарын иштеп чыгат. Ошондой эле педагогдорго методикалык колдоо көрсөткөн борборлордун ишин заманбап талаптарга ылайык жаңылоо пландалууда.

Тестирлөөнүн негизги максаты  педагогикалык кызматкерлердин кесиптик стандарттарга шайкештигин аныктоо, мамлекеттик билим берүү стандарттарынын ишке ашырылышын баалоо, мугалимдердин үзгүлтүксүз кесиптик өнүгүүсүн пландоо жана санариптик технологияларды колдонуу деңгээлин талдоо болуп саналат.

Белгилей кетсек, онлайн негизги тест Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин алдындагы Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаменти тарабынан уюштурулду.

Бөлүшүү

Комментарийлер