STEM-сабактары менен англис тил мугалимдерине сынамык тест
- 26.11.2025
- 0
Агартуу министрлигинин алдындагы билимдин сапатын өнүктүрүү департаменти мугалимдерге сынамык тест жүргүзүп баштады. Тестке математика, физика, химия, биология, география, информатика жана англис тил мугалимдери катышууда.
Сынамык тест 25-ноябрда башталып 30-ноябрга чейин өткөрүлөт. Бул декабрда боло турган негизги тестке даярдык болуп саналат жана анын натыйжасында эч кандай административдик чаралар болбойт, эмгек акынын өлчөмүнө да таасири тийбейт.
Анын негизги максаты мугалимдердин кесиптик даярдыгынын деңгээлин, атап айтканда мугалимдер өз сабагын, анын окутуу методикасын канчалык жакшы билерин жана санарип көндүмдөрүн аныктоо.

Билим берүү тармагында заманбап жаңылануунун шартында мугалимдерге талап күчөдү
Текшерүү тести жалпы билим берүү уюмдарынын педагогдорунун кесиптик стандартынын, мамлекеттик билим берүү стандартынын жана предметтик стандарттардын негизинде жүрүүдө.
Бул педагогдорду кесиптик жагынан өнүктүрүү иш чараларын пландоого жана алардын сабак убагында компьютердик техниканы колдонуу деңгээлин аныктоо үчүн да керек.
Мугалимдерге сынамык тест Кыргызстанда мектептик билим берүү тармагы 12 жылдык моделге трансформация болуп, мамлекеттик стандарттар заманбап жаңыланып жатканда жүргүзүлүүдө. Бүтүндөй тармактын стандарттарынын өзгөрүшү мугалимдердин баарына кесиптик даярдыкты заманбап жаңылоо талабын коюуда.
Изилдөөнүн натыйжасында алынган маалыматтар мугалимдердин кесиптик даярдыгындагы кемчиликтерди, өксүктөрдү аныктоо үчүн талдоодон өткөрүлөт. Жогоруда айтылгандай, бул декабрь айында өтө турган тесттин негизги этабына даярдык гана. Бир айдан кийин тесттин негизги этабы өткөрүлүп, анын натыйжасында мугалимдерди кайра даярдоо жана квалификациясын көтөрүү боюнча модулдар иштелип чыгат. Ошондой эле мугалимдерге методикалык колдоо көрсөткөн борборлордун ишин заманбап жаңылоо боюнча иштер пландаштырылат. (КС)
Комментарийлер