STEM ОКУУЛАРЫ: САБАКТЫН 5Е МОДЕЛИ ТУУРАЛУУ ЭМНЕ БИЛЕБИЗ?

  • 20.03.2025
  • 0

Кыргызстанда STEM мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу курстарынын бешинчи этабы ийгиликтүү аяктап, окутуу ишине өлкө боюнча 16 миңден ашуун мугалимдер тартылды. Өзүңөргө белгилүү болгондой, STEM билим берүү программасында сабактын 5Е модели, көрүнүктүү орунду ээлейт. Бул заманбап окутуу ыкмасынын этаптары, андагы суроо-талапка негизделген окутуу,  изилдөө ыкмасы, узак мөөнөттүү түшүнүү деген эмне экенин бизге бүгүн Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнө караштуу окуу-усулдук кабинеттин усулчусу, Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун  STEM жана Сингапур билим берүүсү боюнча улуттук мастер-тренери  Эламан ЖАНЫШОВ айтып бермекчи.

STEM ОКУУЛАРЫ: САБАКТЫН 5Е МОДЕЛИ ТУУРАЛУУ ЭМНЕ БИЛЕБИЗ?

— Эламан Жанышович, STEM окууларына байланыштуу акыркы убактарда сабактын 5Е модели тууралуу көп айтылып жүрөт. Кепти ушундан баштасак…

— Сабактын 5E модели бул
окуучуларга билимди натыйжалуу өздөштүрүүгө жардам берүүчү заманбап окутуу ыкмасы болуп саналат. Бул модель: кызыктыруу,  изилдөө, түшүндүрүү, кеңейтүү жана баалоо деген беш этаптан турат.

— 5Е моделиндеги окутуу цикли өз ичине эмнени камтыйт? Сабакты пландаштырууда илимий мамиленин көндүмдөрүн, суроо-талапка негизделген окутууну, анын ичинде изилдөө ыкмасын кантип колдонобуз?

— Мугалим Адабият сабагында окуучуларды илимий изилдөөдө жана окутууда тиешелүү илимий процесстин көндүмдөрүн колдонууга үйрөтүү максатын өз алдына койду дейли. Андан ары ал жеке, улуттук жана глобалдык масштабда контексттеги: карамагындагы айрым сөздөрдүн, сөз тизмектеринин
маанисин туура түшүнүүгө мүмкүнчүлүк берген жазма жана оозеки речтин (тексттин) белгилүү бир үзүндүсүн келтирет. Негизги  идеялар: чыгарманын идеясы — көркөм чыгармада берейин деген ой-максат, ал образдар системасынын бирдигинде берилет. Жазуучу өз чыгармасында белгилүү бир маселелерди ортого коюу менен чектелбейт, өзүнүн идеалы катары анын чечимин берет, мамилесин билдирет, баалайт.

— Бул ыкмадагы узак мөөнөттүү түшүнүү деген эмне?

— Узак мөөнөттүү түшүнүү — бул фундаменталдык идеяларды жана маанилүү процесстерди чагылдырган бекемдөөлөр, ал белгилүү дисциплиналардын алкагында
өзгөрүлбөгөн баалуулук болуп саналат. Азыркы сабактын алкагында: «Бул максаттуу ыкмалар туруктуубу?  Алар дисциплинанын негизги идеяларына негизделгенби? Алар мындан ары түшүнүү үчүн ачууну талап кылышабы?» деген суроолорду карап чыксак болот.

— Окурмандарга түшүнүктүү болсун үчүн 5Е моделиндеги ар бир этапка өз-өзүнчө токтоло кетсеңиз?

STEM ОКУУЛАРЫ: САБАКТЫН 5Е МОДЕЛИ ТУУРАЛУУ ЭМНЕ БИЛЕБИЗ?

  — Жакшы болот. Анда кепти сабактын кызыктыруу этабынан баштасак дейм. Мында мугалим баарынан мурда окуучулардын кызыгуусун ойготууну көздөп,  кызыктуу суроолорду берет же көрсөтмөлүү тажрыйбаларды жасайт. Ошону менен бирге мугалим алдын ала билимди аныктоону эстен чыгарбай, окуучуларга темага байланыштуу суроолорду берип, мурунку билимдерин текшерет жана алар менен биргеликте сабактын максаттарын аныктап алат. Кийинкиси – изилдөө этабы.

STEM ОКУУЛАРЫ: САБАКТЫН 5Е МОДЕЛИ ТУУРАЛУУ ЭМНЕ БИЛЕБИЗ?

Мында окуучулар кичи топторго бөлүнүп, изилдөө иштерин жүргүзүшөт. Андан ары маалымат чогултушат, байкоо жүргүзүп, эксперименттерди жасап, маалыматтарды жыйнашат. Акырында топтор өз ара табылгаларын талкуулашат жана жалпы тыянактарды чыгарышат. Ошентип, сабактын жаңы баскычы — түшүндүрүү этабы башталат.

STEM ОКУУЛАРЫ: САБАКТЫН 5Е МОДЕЛИ ТУУРАЛУУ ЭМНЕ БИЛЕБИЗ?

Бул жерде мугалимдин ролу айкын. Ал окуучулардын тапкан жыйынтыктарын илимий түшүнүктөр менен байланыштырат,  негизги терминдерди киргизет жана түшүндүрөт. Окуучулар да сабактагы жалпы иштен четте калышпай, өз табылгаларын презентациялашат, суроолорго жооп берип, өз ойлорун билдиришет. Жаңы түшүнүктөр  мисалдар жана көнүгүүлөр аркылуу бекемделет. Окуучулар жаңы билимди колдонуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

STEM ОКУУЛАРЫ: САБАКТЫН 5Е МОДЕЛИ ТУУРАЛУУ ЭМНЕ БИЛЕБИЗ?

Сабактын кеңейтүү этабында окуучулар жаңы билимдерин кеңейтип, тереңдетишет. Алар кошумча маселелерди чечишет. Үйрөнгөн
түшүнүктөрдү күнүмдүк турмушта колдонуу жолдорун изилдешет. Окуучулар долбоорлорду иштеп чыгышат. Бул аларга билимди практикада колдонууга жардам берет. Сабактын эң акыркы баалоо этабында мугалим окуу процессинин жүрүшүндө үзгүлтүксүз баалоо жүргүзөт. Окуучулар өз ишмердүүлүгүн жана жетишкендиктерин баалашат. Сабактын аягында окуучулардын билимин жана көндүмдөрүн текшерүү жүргүзүлөт.

STEM ОКУУЛАРЫ: САБАКТЫН 5Е МОДЕЛИ ТУУРАЛУУ ЭМНЕ БИЛЕБИЗ?

   — Эламан Жанышович, 5Е моделинин этаптарын жакшы баяндап бердиңиз, эми бул ыкманын артыкчылыктарына да кыскача токтоло кетсеңиз?

— Бул моделдин эң башкы артыкчылыгы — окуучулар билим алуу процессинде активдүү катышуучулардан болушат. Мындан сырткары,  модель окуучулардын сынчыл ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө багытталган. Окуучулар топтордо иштеп, бири-биринен үйрөнүшөт. Алардын билимди өздөштүрүү деңгээли жогорулап, темаларды терең түшүнүшөт.

— 5E моделин колдонууда кандай кыйынчылыктар бар?

— Албетте, кыйынчылыктар жок эмес.
Убакытты талап кылат, сабакты пландоо татаал. Изилдөө үчүн көп материалдар жана жабдуулар керек. Жаңы ыкмада мугалимдердин жогорку деңгээлдеги даярдыгы зарыл. Дагы бир өзгөчөлүгү: активдүү окутууда класстык башкаруу кыйыныраак болушу мүмкүн.

5E моделин  ийгиликтүү колдонуу үчүн мугалимдерге  кандай сунуштарды бересиз?

Мугалимдерге: «Ар бир этапты кылдаттык менен пландаңыз. Убакытты туура бөлүштүрүңүз. Керектүү материалдарды жана жабдууларды алдын ала даярдаңыз. Окуучулардын кызыгуусуна жана муктаждыктарына жараша ыңгайлашууга даяр болуңуз. Окуучулар менен үзгүлтүксүз кайтарым байланыш жүргүзүп, моделди жакшыртып туруңуз» деген сунуштарды берер элем.

Маектешкен: А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»

Комментарийлер