ӨСПҮРҮМДӨРДҮН ЖАШООСУНДАГЫ АГРЕССИЯ
- 24.03.2025
- 0
Панфилов районундагы “Волд-Шэйо-Келечек” окуу билим берүү борборунда “Өспүрүмдөрдүн жашосундагы агрессия” аталыштагы семинар-тренинг болуп өттү.
Ага райондогу жалпы билим берүү уюмдарынын соцпедагогдору, тарбия иштери боюнча директордун орун басарлары, 7-8-класстардын класс жетекчилери болуп жалпысынан 50 мугалим катышты. Панфилов райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Айгүл Султаналиева мугалимдерге кайрылган сөзүндө учурда мектептерде орун алып жаткан зордук зомбулук, кылмыштуулуктун алдын алууга багыт берүүчү ушундай семинарлар мындан ары тез-тез уюштурулуп турарын айтып, педагогдорго жагымдуу жылуу сөздөрү менен моралдык жактан колдоорун билдирди. Педагогдор семинарды алып барган Кайыңды №3 жалпы билим берүү орто мектебинин директорунун милдетин аткаруучу, соцпедагог Нуриза Болотбековага ыраазычылык билдиришип, жогорку деңгээлде уюштурулгандыгын белгилешти.
Уюштуруучулардын айтымында бир нече этаптан турган семинарда конверттеги фигураларды тандоо аркылуу орундарды табуу, калемдердин түсүн тандоо аркылуу бак, көл, күн, жылан, үй, тосмо тартуу сыяктуу колдонулган ыкмалардын жардамы менен ар кандай тесттерди аткаруу аркылуу өспүрүмдөрдүн жашоосундагы өзгөрүүлөрдү, алардын кулк-мүнөзүн талдай билсе болот.
Семинардын жүрүшүндө “Өспүрүмдөрдүн жашоосундагы агрессия” аттуу доклад окулуп, соцпедагогдор, класс жетекчилер менен кызыктуу баарлашуу, пикир алышуу болду.
Андан тышкары, жаш өспүрүмдөрдүн психологиялык абалын, тынчсызданууларын аныктоочу тесттер колдонулуп, өспүрүм курактагы балдардын жашоосун, мүнөзүн жакшыртууга карата психологиялык сунуштар, көнүгүүлөр тааныштырылды.
Мыскал АЛЫМБАЕВА,
Панфилов райондук билим берүү бөлүмүнүн адиси
Комментарийлер