ӨСПҮРҮМДӨРДҮН ЖӨНДӨМДҮҮЛҮКТӨРҮН ӨНҮКТҮРҮҮ ҮЗГҮЛТҮККӨ УЧУРАГАН ЖОК

  • 21.04.2020
  • 0

Чүй районунун Балдардын, өспүрүмдөрдүн чыгармачылык борборунун педагогикалык жамааты өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу ийрим сабактарын үзгүлтүккө учуратпай жаш өспүрүмдөрдүн чыгармачылык, интеллектуалдык жана жекече жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүүнүн үстүндө аралыктан окутуу менен иштеп жатышат. Борбордун ар бир ийрим жетекчиси WhatsApp аркылуу видеосабак, мастер-класс жана презентацияларды өспүрүмдөр жана ата-энелери менен байланышып, тапшырмаларды жөнөтүп, балдар аткарылган сүрөт, кагаз, кийизден аткарган иштерин жана комузда үйрөнүп жаткан күүлөрүн кайтарым байланышта видео жана сүрөт менен жөнөтүп жатышат. Борбордун жамааты «Биз коронавируска каршыбыз!» видеослайд менен аралыкта түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

ӨСПҮРҮМДӨРДҮН ЖӨНДӨМДҮҮЛҮКТӨРҮН ӨНҮКТҮРҮҮ ҮЗГҮЛТҮККӨ УЧУРАГАН ЖОК
Жаңы ыкманын үзүрү
Чүй районунун Балдардын, өспүрүмдөрдүн чыгармачылык борборунун директору Дамира Абдылдаеванын берген маалыматына таянсак, борбордун ийрим жетекчилери өз сабактарын календардык-тематикалык пландарынын жана түзүлгөн ырааттамага ылайык жүргүзүп жатат. Ийрим жетекчилердин ар бир сабактарынын өтүлүшү ар күнү WhatsApp аркылуу маалыматы алынып, иштин жүргүзүлүшү администрация тараптан такталып турат.
— Ар бир ийрим жетекчи өз педагогикалык иш практикасында өтүп жаткан видеосабактарын колдонуу менен маалыматтык жана жаңы педагогикалык технологияларды мындан ары да жаңы окууларды өздөштүрүү менен умтулуп жатышат. Борбор боюнча алты багытта иш жүргүзүлөт жана ийрим жетекчилердин иштериндеги ийгиликтерин атасак, маселен, “Улуттук колорит” жана “Кыргыз кол өнөрчүлүк” ийрим жетекчилери Исакова Г.С. жана Исакова Гүлсара — элдин байыркы маданиятын, мүнөзүн жана рухий дүйнөсүн, көркөм ой жүгүртүүсүн кийизден жасалган кооз буюмдарын, түстүү жүндөр жана сайма жагынан шырдактарды, панно, картина жана сувенир иштерди зор чеберчиликте оймо-чиймелер менен көркөмдөп, кооздоп, окуучулардын сабакка болгон кызыгуусун арттырып, жаңычыл педтехнологияларды колдонуп, видеосабактарды WhatsApp аркылуу жүктөшүп, аралыктан окутуп жатышат. Окуучу кыздар берилген тапшырмаларды өз убагында так, тыкан, туура сапаттуу аткарышып, сүрөт менен аткарган иштерин кайтарым байланышта жөнөтүп жатышат. Ийрим жетекчилер кыздардын кол өнөрчүлүккө болгон чыгармачыл жөндөмдүүлүгүн өстүрүп, ар тараптуу ой жүгүртүүсүн калыптандырып, алгылыктуу иштерди ийрим окуучулары менен көрсөтүп жатышат, — дейт борбордун жетекчиси.
Ал эми техникалык багыттагы “Жаш конструктор” (Чомураева Н.Ө., Ногоева А.), «Башталгыч-техникалык моделдештирүү» (Бусурманкулова А.С.) , — ийримдерде тарбиялануучулар видеосабактардан буга чейин алып келген билимдерин мындан ары өздөштүрүүдө активдүү катышып жатышат. Мугалимдер кызматташтык технологияларын активдүү колдонуп, ар бир окуучу менен жекече иш жүргүзүүдө мүмкүнчүлүктөр бар. Ийримчилер берилген тапшырмаларынан өзгөчө чийүү сызыктарын үйрөнүп, чакан буюмдарды моделдештирип сыноо иштерин жүргүзүп, кайтарым байланыштарын үзгөн жок. Ийрим жетекчилер балдардын техникага болгон кызыгуусун арттырууда ар түр технологияларды колдонуп иш жүргүзүп жатышат.

— Жасалга-колдонмо чыгармачылык багыттагы “Умелые ручки”, ”Оригами”, “Бисероплетение” — мындагы ийрим жетекчилери балдардын кол манжаларынын туура калыптанып өсүүсүнө жана алардын чыгармачылык жөндөмдүүлүктөрүнүн өнүктүрүүчү видеосабактарын, презентация жана схема сүрөттөрүн тартуулап, активдүү иш алып барып жатышат жана алардын кайтарым аткарган кооз, өзгөчө иштерин алып баалоо менен өз кеңештерин беришет. Ошондой эле коомдук окутуу багыттагы “Англис тили” ийриминде окуучулар жазуу жана оозеки түрүндө тапшырмаларын аткарып, мугалим менен видеобайланыш жана WhatsApp аркылуу кайтарым иштерин жөнөтүшөт. “Мектеп лидери”, “Балдарды эрте өнүктүрүү” ийрим жетекчилери окуучулар менен ар түрдүү оюн көнүгүүлөрүн, ар деңгээлдеги чыгармачыл тапшырмалар, видеопрезентациялар жана башка өнүктүрүүчү иш формаларын колдонушууда. Ал эми флористика боюнча ийрим жетекчиси Салморова В.С. өз видеосабагында ийримчилерге жаратылыштын ар түр кубулушун көрсөтүү менен бөлмө гүлдөрдү жакшыртуу үчүн кандай дарылоо кеңешин, андан тышкары жаратылыш материалдары жана пластилинден ар турдүү панно, картина иштерди тартуулап жатат, — дейт Дамира Абдылдаева.

ӨСПҮРҮМДӨРДҮН ЖӨНДӨМДҮҮЛҮКТӨРҮН ӨНҮКТҮРҮҮ ҮЗГҮЛТҮККӨ УЧУРАГАН ЖОК

ӨСПҮРҮМДӨРДҮН ЖӨНДӨМДҮҮЛҮКТӨРҮН ӨНҮКТҮРҮҮ ҮЗГҮЛТҮККӨ УЧУРАГАН ЖОК

ӨСПҮРҮМДӨРДҮН ЖӨНДӨМДҮҮЛҮКТӨРҮН ӨНҮКТҮРҮҮ ҮЗГҮЛТҮККӨ УЧУРАГАН ЖОК
Аталган борбордогу музыкалык-эстетикалык багыттагы «Хор», «Вокал», «Весёлые нотки» ийримдеринин жетекчилери Атаманова С.Е., Рыбина В.Н., Асанбек у.Ж. окуучулардын музыкалык чыгармачылык жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүү, музыка чөйрөсүнүн маданияттуулугуна кызыгуусун арттырууну улантуу иштери видеосабак WhatsApp аркылуу жөнөтүлүп жатат. Ийрим окуучуларга үндөрү ар дайым таза, тунук, жумшак болушу үчүн ырдоо темпине карата да ар түрдүү көнүгүүлөрдү жасап көрсөтүү менен жыл ичинде жаттап, ырдап жаткан ырларын унутуп калбоо максатта кайтарым байланыш алуу менен кыска куплеттеги ырларды өтүүдө. Ал эми комузчулар ансамблинин ийрим жетекчилери Садырбаева Ф.М., Турганалиева А.А. окуучулардын комузга болгон шыгын өз алдынча туура ой жүгүртүүлөрүн өнүктүрүү менен кыргыз этнофольклоруна, рухий маданиятка жана музыка дүйнөсүнө кызыгуусун өстүрүү, туура нукка өнүгүүсүнө таасир тийгизүү менен баланын ички дүйнөсүн байытуу, патриоттук сезимин ойготуу, эне тилин, жерин, тарыхын, элдик музыкасын унутта калтырбай жана эстетикага тарбиялоо иштерин видеосабак аркылуу балдарга жеткирип жатат. Жогорку жана башталгыч топтогу ийрим окуучулары менен А.Огонбаев “Кыз кербез”, Т.Сатылганов “Чайкама”, Нурак Абдрахманов “Алтын балалык”, “Мөлмөлүм”, К.Орозов “Ибарат”, К.Досуев “Ак Бакай”, элдик күү “Саринжи Бөкөй” күүлөрдүн ноталарын окуганды жана тоомдорду, терминдерди, комузда кол ойнотуу ыкмасын андан да таза, кооз ойноосун такшалтуу кайталоосунун видеолорун, кайтарым сабактар аркылуу байланышып алууда.

ӨСПҮРҮМДӨРДҮН ЖӨНДӨМДҮҮЛҮКТӨРҮН ӨНҮКТҮРҮҮ ҮЗГҮЛТҮККӨ УЧУРАГАН ЖОК

ӨСПҮРҮМДӨРДҮН ЖӨНДӨМДҮҮЛҮКТӨРҮН ӨНҮКТҮРҮҮ ҮЗГҮЛТҮККӨ УЧУРАГАН ЖОК
— “Элдик бий” ийриминин жетекчиси Эржанова А.Ж. окуучулардын чыгармачылык жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүүдө жана дене түзүлүштүн туура калыптанып өсүшүнө ар түр көнүгүүлөрдү, гимнастика жана мастер-класстардын видеосабактарын WhatsApp аркылуу колдонуп, байланышты үзгүлтүккө учураткан жок. Андан тышкары сынактык даярдалган кыргыз, орус бийлеринин үстүндө жекече кайталоо жүргүзүп, кыздардан видеокайтарым алып, кемчиликтерин оңдоп, кеңешин берип иш жүргүзүүдө.

ӨСПҮРҮМДӨРДҮН ЖӨНДӨМДҮҮЛҮКТӨРҮН ӨНҮКТҮРҮҮ ҮЗГҮЛТҮККӨ УЧУРАГАН ЖОК

ӨСПҮРҮМДӨРДҮН ЖӨНДӨМДҮҮЛҮКТӨРҮН ӨНҮКТҮРҮҮ ҮЗГҮЛТҮККӨ УЧУРАГАН ЖОК
Борбордун жалпы ийрим жетекчилери өзгөчө жөндөмдүү ийрим окуучулар менен аралыкта “Сары-Өзөн чолпондору – 2020” райондук сынагына чыгармачылык жана көргөзмө иштери менен активдүү даярдыктардын үстүндө иштеп жатышат. Ал эми облустук, республикалык сынактарга “Вокал”, “Комузчулар ансамбли”, “Элдик бий” ийримдери жакшы даярдыктарды көрүүдө, — дейт директор.

Тарбиялык иштер

ӨСПҮРҮМДӨРДҮН ЖӨНДӨМДҮҮЛҮКТӨРҮН ӨНҮКТҮРҮҮ ҮЗГҮЛТҮККӨ УЧУРАГАН ЖОК

 

ӨСПҮРҮМДӨРДҮН ЖӨНДӨМДҮҮЛҮКТӨРҮН ӨНҮКТҮРҮҮ ҮЗГҮЛТҮККӨ УЧУРАГАН ЖОК

— Борбордун жалпы педагогикалык жамааты өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу тарбиялык иштерди четте калтырбай өзгөчө жөндөмдүү ийрим окуучулар менен аралыкта WhatsApp колдонуу аркылуу иш жүргүзүп жатабыз. Патриоттук тарбиялоо максатта “Юный художник” ийрим жетекчиси Пенкина В.М. , “ИЗО” ийрим жетекчилери Ибрагимова Э.К. жана Кеңешбекова Н.К. ийримдер ортосунда окуучулар менен “7-апрель — Элдик революция күнү” жана “12-апрель Космонавт күнүнө” карата сүрөт сынактары өткөрүлүп, балдардын жиберген иштери бааланып жыйынтыкталды. Экологиялык тарбиялоо иштеринде өз жашаган жерибиздин канаттууларына көңүл буруп, аяр мамиле жасап коргоо максатта “Канаттуулар үйү” темасында сынактар өткөрүлдү. Окуучулар сүрөт тартуу, түр кагаздан картина, пластилин колдонуп чымчыктарды, жаратылыш материалдарынан уя жасоо менен ак кийиз жана түстүү жүндөн панно иштерин аткарып, WhatsApp аркылуу аткарылган иштери алынып бааланды, ата-энелерге жана балдарга активдүү катышкандыктары үчүн чоң ыраазычылык билдирилди, — дейт Д.Абдылдаева. — Улуу Ата Мекендик согуш мезгилиндеги жана согуш аракеттериндеги элдин эрдиги жөнүндөгү тарыхый эскерүүлөрдү сактоо, өсүп келе жаткан жаш муундарды атуулдук-мекенчилдик жана руханий адептүүлүккө тарбиялоо жана аң-сезимдүүлүктү бекемдеп, тарыхый окуялар жөнүндө ийрим окуучулардын билимдерин кеңейтүү максатта “Улуу Жеңишке — 75 жыл” майрамына карата тематикалуу сүрөт сынагы, ар түрдүү материалдардан сувенир буюмдар, согуш мезгилиндеги ырлар, көркөм окуу сынактары уюштурулуп, ийрим окуучулардын аткарган иш материалдары видео жана сүрөт аркылуу чогултулуп жатат. Жалпы борбордун ийрим жетекчилеринин жаңы ыкма сабактарды өздөштүрүүсү менен ийрим окуучуларды аралыктан окутуусу жекече чыгармачылык иш жөндөмдүүлүктөрүнүн өсүшүнө жакшы ийгиликтерди жаратат деп ишенебиз.
Гүлнара Алыбаева, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер